Алайда 12 жылдык билим берүүгө өтүү тууралуу маалымат берилүүдө

Аймак 1233 26 Март 2025 11:22
486376402_1084935160346894_1960690575332668861_n.jpg
485970828_1084935267013550_8102041378785845540_n.jpg
486000522_1084935187013558_4374518657203591337_n.jpg
486309570_1084935277013549_2094154330036021782_n.jpg
487067518_1084935183680225_3887051613549315946_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Билим берүү жана илим министрлиги

Бишкек, 26.03.25. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Алайда мугалимдер жана жашоочулар менен жолукту. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Белгиленгендей, жолугушуу 25-28-мартта министрдин Ош жана Жалал-Абад областтарынын аймактарына белгиленген жумушчу сапарынын алкагында өттү.

Жолугушууга жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

Иш-чара Алай райондук мамлекеттик администрациясында өтүп, анда министр "Алтын Казык" билим берүү системасын трансформациялоо программасын аткаруунун алкагында 2024-жылы жасалган иштер жана 2025-2026-окуу жылына пландар тууралуу кенен маалымат берди.

Жолугушуунун алкагында катышуучулар 12 жылдык билим берүү боюнча бардык суроолоруна жоопторду ала алышты.

Иш сапардын максаты - региондордогу билим берүү мекемелеринин абалы менен жеринен таанышуу, мугалимдер менен жолугушуу, көйгөйлөрдү аныктоо жана чечүү жолдорун талкуулоо, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.