Бишкек, 31.07.26. /Кабар/. Талас районунда Талас дарыясына агып кеткен Байэл Тимур уулун издөө иштери облустук деңгээлде күчөтүлдү.
ӨКМдин облустук башкармалыгынын маалыматына ылайык, бүгүн издөө иштерине жалпы 900гө жакын адам тартылды.
Анын ичинде ӨКМден 100 куткаруучу, Чек ара кызматынан 12 кызматкер, ички иштер органдарынан 20 кызматкер бар. Ошондой эле издөө иштеринде бир нече дрон колдонулуп жатат.
Белгилей кетсек, Байэлди издөө иштери дээрлик бир айдан бери уланууда. Издөө иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кошумча күчтөр тартылып, иштер облустук деңгээлде координацияланууда.