Бишкек, 01.05.25. /Кабар/. Кыргызстанда 1-майда Эмгек майрамы белгиленет. Бул күн Эмгек кодексине ылайык, жумуш эмес майрам күнү катары эсептелет. “Кабар” маалымат агенттиги майрамдын тарыхы тууралуу айтып берет. Ошондой эле Кыргызстандагы эмгекке жарамдуу калкты жумуш менен камсыздоо маселесине токтолот.
Майрамдын тарыхы
1856-жылы 21-апрелде Австралияда 8 сааттык жумуш күнүн талап кылган жумушчулар акцияга чыгышкан. 1886-жылы ушундай эле демонстрациялар Чикагодогу Хеймаркет аянтында да өткөн. Кийинчерээк Париж конгресси (1889-жыл) америкалык жумушчулардын сунушу менен 1890-жылдын 1-майына белгиленген иш таштоо акциясы өтө турган күндү Эмгекчилердин тилектештик күнү деп жарыялаган.

Эл аралык майрам катары алгачкы жолу 1890-жылы Австрия-Венгрия, Бельгия, Германия, Дания, Испания, Италия, АКШ, Норвегия, Франция, Швеция, Улуу Британияда жана башка өлкөлөрдө өткөрүлгөн.
Биринчи май СССРде да майрамдалып, союздук мамлекеттерде жөө жүрүштөр өтүп, ыр-бий, түрдүү иш-чаралар менен коштолуп келген.

Эмгек менен байланышкан майрам учурда көпчүлүк өлкөлөрдө ар башка ат менен белгиленет. Кыргызстан, Беларусь, Украина, Кытай, Пакистан, Шри-Ланкада Эмгек күнү майрамдалат. Ал эми Россия менен Тажикстанда Жаздын жана эмгектин майрамы, Казакстанда болсо бул күн Элдин биримдиги майрамы катары майрамдалат. АКШда Эмгек күнү 1-сентябрда, Японияда 23-ноябрда белгиленет. Жалпысынан бүгүнкү күндө 1-май дүйнөнүн 60тан ашык өлкөсүндө майрамдалат.

Кыргызстандын 2025-жылдын январь-март айларына карата эмгек рыногу
"Кабар" маалымат агенттигине Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Иш менен камсыздоого көмөктөшүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Саадат Муканбетова билдиргендей, Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2024-жылдын 1-декабрына карата өлкө калкынын саны 7 млн 161,9 миң адамды түзгөн.

Анын ичинен жумушчу күчү 2768,4 миң адамга жеткен. Иштеген калктын саны 2656,2 миң адамды, жумушсуздардын саны 112,2 миң адам болгон.
Жалпы жумушсуздуктун деңгээли 4,1%ды түзгөн .
2025-жылдын 1-апрелине карата расмий жумушсуздуктун деңгээли республика боюнча 1,7%ды түздү. Иш менен камсыз кылуу кызматтарында эсепте турган жумушсуздардын саны 66,5 миң адамга жетет. Бул көрсөткүч мурдагы жылга салыштырмалуу 21%га кыскарды. Расмий катталган жумушсуздардын саны 47,4 миң адам (23%га кыскарды).

2025-жылдын 1-апрелинде бош орундардын саны 8593тү түзүп, алардын ичинде жумушчу адистиктерге суроо-талап басымдуулук болгон. Ошондой эле иш менен камсыз кылуу кызматтарына кайрылган жарандардын саны 39 260 адам болду (8%га кыскарды). Алардын ичинен эмгек жана ишке орноштуруу мыйзамдарынын маселелери боюнча, кесип тандоо кеңештерин 28 282 адам алган. Отчёттук мезгилде жумушсуздук боюнча 16 жумушсуз жаранга жөлөк пул дайындалган. Мындан тышкары, иш менен камсыз кылуу кызматынын көмөгү астында 4285 жумушсуз жаран ишке орноштурулган (28%га көбөйдү).

Учурда Кесиптик багыт берүү борборлору Бишкек, Каракол, Нарын, Талас, Жалал-Абад, Өзгөн, Ош, Баткен шаарларында, ошондой эле Чүй облусунун Сокулук районунда иштеп жатат. Министрликтин кесипке багыт берүү борборлору жана аймактык бөлүмдөрү сапаттуу консультациялык кызматтарды көрсөтөт, студенттерге жана жумушсуздарга кесип тандоодо туура чечим кабыл алууга жана өлкөдөгү жумушсуздуктун деңгээлин төмөндөтүүгө көмөктөшөт. Отчеттук мезгилде 22 078 жарандарга кеп-кеңештер берилди.

Эмгек рыногунда жумушсуздардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн эмгек рыногунун белгилүү бир кесиптиктеги жумушчу күчүнө керектөөлөрүн эске алып, 2025-жылдын 1-апрелине карата иш менен камсыз кылуу кызматтары тарабынан кесиптик окутууга 2164 адам жөнөтүлгөн (10%га көбөйдү).
Жумушсуз жарандарды окутуу негизинен эмгек рыногунда талап кылынган кесиптер боюнча жүргүзүлдү. Аларга компьютер оператору, соода агенти, ашпозчу, косметолог, чач тарач, тырмак жасоочу, укалоочу, визажист, котормочу, 1С билими бар бухгалтер, тигүүчү, айдоочу, электрогаз ширетүүчү жана слесарь-сантехник, аары багуучулук кирет.

2025-жылдын 1-апрелине карата убактылуу ишке орноштуруу тартибинде коомдук акы төлөнүүчү жумуштарга 1857 адам жөнөтүлгөн (19%га көбөйдү).
Жумушсуздук боюнча 60 жумушсуз жаран жөлөк пул алып жатат.
2025-жылдын январь-апрель айлары ичинде министрликтин аймактык башкармалыктары тарабынан 7 “Бош орундар жана кесиптер жарманкелери” уюштурулду. Жарманке жумушсуз жарандарды, жаш адистерди, студенттерди жана бүтүрүүчүлөрдү, жумуш берүүчүлөр менен жолугушуусу үчүн аянтча түзүү максатын көздөйт.

2025-жылдын январь-март айларында 234 кайтып келген мигрант аймактык башкармалыктарга кайрылып, кесиптик окууга 38 мигрант жана акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга 35 мигрант камтылган.
Жалпы 1290 мигрант жумушсуз жаран катары каттоодо турат. Алардын ичинен Россиядан – 1135, Түркиядан – 26, Казакстандан – 14, Тажикстандан – 3, башка өлкөлөрдөн – 112 жаран келген.