Бүгүн Кыргызстан менен БАЭ футбол талаасында беттешет

Спорт Загрузка... 10 Июнь 2025 10:24
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек 10.06.25 /Кабар/. Бүгүн, 10-июнда кыргыз курамасы Бириккен Араб Эмираттарынын футболчулары менен 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын III тандоо раундунун алкагында беттешет.

Кыргыз футбол биримдигинин маалыматына ылайык, БАЭнин курама командасы оюнга катышуу үчүн кечээ түнү Бишкек шаарына келген.

Беттештин өтүүчү жери – Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион. Оюндун башталыш сааты - 17:30, ал эми беттешүү сааты - 19:45 деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин 5-июнда болгон Кыргызстан Түндүк Корея беттешинде эсеп 2:2 менен аяктап, кыргыз курамасы тандоонун кийинки этабына өтүү мүмкүнчүлүгүн алган.