Бүгүн Кумтөр алтын кенинин негизделген күнү

Экономика Загрузка... 16 Февраль 2026 12:40
whatsapp_image_2024_n72VmFH.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 16.02.26. /Кабар/. Бүгүн Кумтөр алтын кенинин негизделген күнү.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасында кендин иши тууралуу айтып, дээрлик 30 жылга жакын алтын кенди чет элдиктер иштетип, 410 тоннадан ашык алтынды казып чыгарып кетишкенин билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанга калган пайданын көлөмү 1 тонна алтынды түзөт.

“Кумтөрдүн тагдыры президент Садыр Жапаровдун тагдыры менен абдан байланышкан. Өлкө башчысы депутат кезинен баштап Кумтөрдүн алтыны элге калсын деген демилге менен чыгып, эң оор, адам чыдагыс куугунтуктар, сыноолорду башынан өткөрдү. Акырында ошол үмүттөр ишке ашып, азыр Кумтөрдүн алтыны кыргыз элине кызмат кылууда”, - деп жазды Орунбеков.