Бишкек, 31.12.25. /Кабар/. Бүгүн каналга түшүп кеткендерди издөөгө 150 адам тартылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Анын 90ну куткаруучулар, 30у ИИМ кызматкери, 30у Бишкек шаардык мэриясынын кызматкерлери.
Жеринде өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эрнест Жусупов издөө иштерин координациялап жатат.
Белгилей кетсек, 30-декабрда аталган каналга үч жаран түшүп кетип, алардын биринин сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Ал эми калган эки адамдын (1963-жылы туулган Ж.Ж. жана 1966-жылы туулган Ж.Т.) сөөгүн издөө күчөтүлдү.