Бүгүн дүйнө чемпионатына тандоонун алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын курамалары беттешет

Спорт Загрузка... 20 Март 2025 12:28
WhatsApp Image 2025-03-20 at 09.03.53.jpeg
copyright icon КФС

Бишкек, 20.03.25. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы бүгүн 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 3-турунун алкагында Өзбекстандын курама командасы менен беттешет.

Кыргызстандын футбол союзунан билдиришкендей, курама командалардын беттеши Ташкенттин “Бунёдкор” стадионунда өтөт.

Максим Лисицындын командасы үчүн бул беттеш жооптук беттеш болот, анткени командалар 2024-жылдын сентябрында бул раундда беттешкен.

Эске салсак, өз талаасында өткөн беттеште кыргызстандыктар атаандаштарына 2:3 эсебинде жеңилип калган.

“Ак шумкар” курама командасынын күйөрмандары үчүн саат 19:00дөн баштап Т.Усубалиев атындагы аянтта бул беттешти чогуу көрүү үчүн кеңири масштабдагы фан зонасы уюштурулат. Муну менен катар күйөрмандар үчүн “Ооз ачуу” да уюштурулат.

Беттешти түз алып көрсөтүү УТРК Спорт каналында, ошондой эле КТВ каналында кабелдик тармактарда (Megaline, Neotelecom, Aknet) көрсөтүлөт.

Беттеш Бишкек убактысы боюнча 22.00дө башталат.