Бүгүн борбор калаага жаңы автобустардын экинчи партиясы келди

Коом Загрузка... 24 Ноябрь 2025 12:44
WhatsApp Image 2025-11-24 at 09.30.31.jpeg
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 24.11.25. /Кабар/. Бүгүн, 24-ноябрда ЕРӨБдин “Жашыл шаар” долбоорунун алкагында Бишкек шаарына жаңы автобустардын экинчи партиясы келип жетти. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган долбоордун негизинде жалпысынан 95 автобус алынган. Учурда калган автобустар жолдо.

Буга чейин 20 даана автобус келген болсо, бүгүн ага кошумча дагы сегиз унаа келди.

Жалпы 28 даана автобус Бишкек шаарына жеткирилди. Калган автобустар жакынкы аралыкта келери айтылды.