Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде жылуулук жана ысык суу болбойт

Коом Загрузка... 25 Февраль 2025 09:11
140721497689282_big.jpg
copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 25.02.25. /Кабар/. Бүгүн, 25-февралда Бишкектин айрым жерлеринде жылуулук жана ысык суу болбойт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жылытуу мезгилин ийгиликтүү өткөрүү максатында 25-февралда саат 09:00дөн 16:00гө чейин Ахунбаев көчөсү 187 дарегиндеги турак үйдүн жер төлөлөрүндөгү эски түтүктөрдү пландуу алмаштыруу иштерине байланыштуу жылуулук жана ысык суу берүү убактылуу өчүрүлөт.

Чектөө төмөнкү даректерге таасирин тийгизет:

Шота Руставели көч., 97, 99, 101;

Ахунбаев көч., 187, 187А, 189, 189а;

Жунусалиев көч., 72

Белгилей кетсек, оңдоо иштерин кыш мезгилинде да жүргүзүп келебиз, себеби жылуулук берилип жаткан мезгилде жасалуучу участоктор аныкталат .

«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.