Бүгүн Бишкектин айрым райондорунда жылуулук жана ысык суу берүү убактылуу токтотулат

Коом Загрузка... 10 Февраль 2025 09:34
1733286238.2085412923.jpeg
copyright icon www

Бишкек, 10.02.25. /Кабар/. Бүгүн, 10-февралда саат 08:30дан 18:00гө чейин 11-кичи райондо жана Байтик Баатыр көчөсүндө жылуулук жана ысык суу убактылуу өчүрүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мындай чара эски жылуулук түйүнүнүн бөлүгүн алмаштыруу жана жаңы орнотулган жылуулук түйүнүнө кошуу иштерин улантуу үчүн көрүлүүдө.

Өчүрүлүүчү даректер: 11-кичи район, № 1, 2, 3, 4, 5, 6, 15, 16, 17, 17а, 17/1, 18, 19, 20, 22, 23, 24, 25, 26, 27-турак үйлөр, №94-бала бакча, жеке сектордогу үйлөр 20/1, 20/2, 20/3, 20/4, 20/5, 20/6, 20А, түрк мектеби.

Ошондой эле, Байтик Баатыр көчөсүндөгү турак үйлөр № 3, 3/1, 3/4, 3А, 3Б, 3В, 3Г, Чалдовар көч., 91А (жатакана).

Белгилей кетсек, оңдоо иштери кыш мезгилинде да токтобой уланат.

«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы убактылуу ыңгайсыздыктар тууралуу маалымдайт жана түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөт.