Бүгүн Бишкектин 11- кичи районунда жылуулук жана ысык суу болбойт

Коом Загрузка... 12 Март 2025 10:45
IMG_3123.png
copyright icon www

Бишкек, 12.03.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкектин 11-кичи районунда сакт 09:00дан 17:00гө чейин жылуулук жана ысык суу берүү убактылуу токтотулат.

Мунициалитеттен билдиришкендей, мындай чара эски жылуулук түйүнүнүн бөлүгүн алмаштыруу жана жаңы орнотулган жылуулук түйүнүнө кошуу иштерин улантуу үчүн көрүлүүдө.

Өчүрүлүүчү даректер:11-кичирайон

№1,2,3,4,5,6,15,16,17,17/1,17а,18,19,20,20/6,21,22,23,24,25,26,27 турак үйлөр, №94-бала бакча.

«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы убактылуу ыңгайсыздыктар тууралуу маалымдайт жана түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөт.