Бишкектин 11-кичи районунда жылуулук жана ысык суу берүү убактылуу токтотулат

Коом Загрузка... 07 Февраль 2025 10:03
368308316.jpg
copyright icon www

Бишкек, 07.02.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкектин 11-кичи районунда саат 08:30дан 18:00гө чейин жылуулук жана ысык суу убактылуу өчүрүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мындай иш-чара эски жылуулук түйүнүнүн бөлүгүн алмаштыруу жана жаңы орнотулган жылуулук түйүнүнө кошуу иштерин улантуу үчүн көрүлүүдө.

Өчүрүлүүчү даректер:

11-кичирайон, № 1, 2, 3, 4, 5, 6, 15, 16, 17, 17а, 17/1, 18, 19, 20, 22, 23, 24, 25, 26, 27, ДС94-турак үйлөр, сүрөтчүлөрдүн жеке үйлөрү, түрк мектеби.

Белгилей кетсек, оңдоо иштери кыш мезгилинде да токтобой уланат.

«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктар тууралуу маалымдайт жана түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөт.