Адамзат жашоосун жаратылышсыз элестетүү мүмкүн эмес. Табият бизге жашоо үчүн зарыл болгон жылуулук, жарык, аба, суу, тамак-аш сыяктуу бардык нерселерди берет. Бирок, техника, жаңы технологиялар өнүккөн сайын адамдын иш-аракеттери, жаратылышка кийлигишүүсү абанын булганышы, глобалдык жылуулук, мөңгүлөрдүн ээриши сыяктуу коркунучтуу кесепеттерге алып келүүдө. Ошондуктан табиятты кантип сактоону бүгүн ойлонбосок, эртең кеч болуп калышы мүмкүн.
Мындан 53 жыл мурда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 27-сессиясында 1972-жылдын 15-декабрындагы резолюциясы менен 5-июнь “Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү” деп жарыяланган. Ал эми Кыргызстанда 1999-жылдан бери айлана-чөйрөнү коргоого көмөк көрсөтүү жана коомдун экологиялык багытынын маанисин күчөтүү максатында өкмөттүн атайын токтомунун негизинде жыл сайын 5-июнь Экологдордун кесиптик күнү катары белгиленип келет. Өзгөчө жыл өткөн сайын жаратылышта кескин терс өзгөрүүлөр байкалып, коомчулукта экология темасы актуалдуу болууда.
Адам табиятка пайдасын тийгизбесе да, терс таасирин, зыянын тийгизбесе бул дагы жаратылышка болгон чоң салым экендигин Экономика илим изилдөө институтунун башкы илимий кызматкери, эколог Анара Султангазиева “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, эң жөнөкөй эле сууну сарамжалдуу колдонуу, таштандыны аз чыгаруу, унааларды азыраак колдонуу, малды ченемдүү багуу, тамак-ашты ысырап кылбоо ушулардын бардыгы экологияга кам көрүү болуп саналат.
“Акыркы жылдары климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу "Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү" өзгөчө маанилүү болуп баратат. Экология – бул бир эле күндүн маселеси же өткөн чак менен келер чактын иши эмес. Биз байма-бай айта турган, ар дайым көңүлүбүздү бура турган иш. Адам баласы жердин ресурстарын эбегейсиз, ырайымсыз колдонобуз. Азыр табият бизден өчүн алгандай сезим калтырат. Байкасаңыздар табигый кырсыктар көп катталып, алардын кыйратуучу күчү масштабдуу болуп баратат. Бул көрүнүштөрдү табиятка тийгизген таасирибизге кайра кайтарып берген жообу катары түшүнсөк болот. Жашыл технологияларды колдонгонго учурда мүмкүнчүлүктөр, сунуштар бар. Мисалы, көмүр жакпай күндүн нурун, шамалдын энергиясын колдонууга өтүшүбүз зарыл. Негизгиси таштандыга болгон маданиятыбызды өзгөртүп, жаратылышка аярлуу карашыбыз керек”,- дейт эколог.
Белгилей кетсек, дүйнөлүк глобалдык жылуулук процессине Кыргызстан сыяктуу тоолуу өлкөлөрдүн үлүшү аз болсо да, көбүрөөк жабыркап жаткандыгы анык. Климаттын өзгөрүүсүнүн кесепетинен акыркы жылдары Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты азайып, алдыда алардын жарымы жок болуп кетүү коркунучунда тургандыгын президент Садыр Жапаров Самаркандда өткөн “Борбор Азия глобалдык климаттык чакырыктар алдында: жалпы өркүндөп-өсүү үчүн биригүү” эл аралык форумунда айткан.

“Биз мөңгүлөрдүн интенсивдүү эришин жана алардын мөңгү аянтынын азайышын, суунун аздыгын, кургакчылык жана чөлгө айланууну байкап жатабыз. Жыл сайын алардын саны жана масштабы өсүп жатат. Акыркы 70 жылда Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 16 пайызга азайды, ал эми 2100-жылга чейин алардын жарымы жок болуп кетиши мүмкүн”, - деп билдирген президент.
Ошондой эле өлкө башчысы акыркы жылдары БУУнун климаттын өзгөрүүсү боюнча конференцияларына катышып, өнүгүп келе жаткан тоолуу өлкөлөрдүн тоо экосистемасын сактоо маселесин көтөрүп келет. 2024-жылы Азербайжанда өткөн COP-29 конференциясында климаттын жылууланышына көбүрөөк үлүшү бар өнүккөн өлкөлөргө жардамды эки триллион АКШ долларына чейин жеткирүүгө жана бул каражаттарды алуу жолдорун жеңилдетүүгө чакырган.

“Кыргызстандын көмүртектин эммисиясын бөлүп чыгаруудагы дүйнөлүк үлүшү 0,33 пайызды эле түзөт. Бизде өнүккөн өлкөлөрдөй ири өндүрүш тармактары, зыяндуу заттарды көп көлөмдө бөлүп чыгарган чоң завод-фабрикалар жок. Бирок, зыян келтирип жаткан мамлекеттерге караганда Кыргызстан сыяктуу тоолуу өлкөлөр климаттын өзгөрүшүнөн көбүрөөк жабыркап келет. Ошондуктан өнүккөн мамлекеттер БУУнун климаттык фонддоруна көбүрөөк каражат бөлүшү керек”,- дейт Анара Султангазиева.
Көйгөйдү айтуу менен эле чектелбестен, иш жүзүндө Кыргызстандын тоолорунда токойдун аянтын 15 жылда 30-35 пайызга чейин кеңейтүү максатында президенттин демилгеси менен "Евразиянын жашыл алкагы" улуттук экологиялык долбоору иштөөдө. Учурдагы өлкөдөгү 5 пайыз токойдун аянтын белгиленген мөөнөттө чекке жеткирүү үчүн 7 млрд түп дарактын көчөтүн отургуу пландалууда. Адистердин айтымында, мөңгүлөрдүн ээришин кандайдыр бир деңгээлде токтотуунун бир жолу тоолорго бак тигүү.

Андан тышкары, Бишкек шаарында экологиялык абалды жакшыртууга багытталган катуу тиричилик таштандыларын кайра иштетүү менен электр энергиясын өндүрүүчү заводдун курулушу быйыл аяктоо алдында турат. Учурдагы Ысык-Көл облусунда пластик баштыктарды, буюмдарды колдонууга жана сатууга тыюу салынгандай, өлкөнүн бардык аймактарында тыюу салуу учурдун талабына айланды. 100 жылдап чирибеген желимдер таштанды жай, талаа-түздүк гана эмес тоолорубузга, жаратылыш парктарыбызга чейин каптап кетти. Президентибиз баш болуп, кайдыгер болбой жаратылышты таза сактоонун, коргоонун үлгүсүн көрсөтүп келет. Ар бирибиз колубуздан келишинче табиятка терс таасирибизди тийгизбей, күнүмдүк турмушта сарамжалдуулук, ашыкча нерселерден баш тартуу менен жашашыбыз керек экендигин учурдагы экологиялык абал талап талап кылууда. Жаратылышты коргогонубуз бул - өзүбүздү коргогонубуз.