Беш калктуу конуш айыл категориясына киргизилет. Мыйзамга кол коюлду

Президент Загрузка... 16 Май 2025 18:47
DST_7824 (3).jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 16.05.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 10-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам менен төмөнкү калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү каралган:

– Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Сары-Челек айыл аймагынын Атантай калктуу конушу;

– Жалал-Абад облусунун Сузак районунун С. Атабеков айыл аймагынын Кыдырша калктуу конушу;

– Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагынын Арык-Уулу калктуу конушу;

– Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагынын Гүлистан калктуу конушу;

– Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айыл аймагынын Бер-Булак калктуу конушу.

Ошондой эле кабыл алынган мыйзам менен жаңы түзүлгөн айылдардын чек араларынын баяндалышы бекитилүүдө.