Бишкек, 27.10.25. /Кабар/. Беназир Нурланова экономика жана коммерция министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Нурланова Беназир Нурлановна 1995-жылдын 16-сентябрында Жалал-Абад шаарында (азыркы Манас шаары) туулган.
Беназир Нурланова экономика жана укук тармагында жогорку билимге ээ. Президенттин администрациясында жана Экономика министрлигинде эмгектенген. Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.