Бектен Бекболотов айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 06 Октябрь 2025 15:31
557710559_122189615816341273_1263171880857379468_n.jpg
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 06.10.25. /Кабар/. Бекболотов Бектен Турсунбекович суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары болуп дайындалды.

Ведомстводон маалымдашкандай, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Бектен Бекболотов 1973-жылдын 10-октябрында туулган. Эки жогорку билимдин ээси.
1997-жылдан тартып түрдүү мамлекеттик кызматтарда эмгектенип келген.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.