Бекназар Базаралиев транспорт министринин биринчи орун басары болду

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 19 Январь 2026 15:33
615818948_1197434962565248_5549036597907089796_n.jpg
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 19.01.26 /Кабар/. Базаралиев Бекназар Токтосунович транспорт жана коммуникациялар министринин жаңы биринчи орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Бүгүн министрдин жаңы орун басары эмгек жамаатына тааныштырылды.

Белгилей кетсек, буга чейин бул кызматты Солтобаев Талантбек Осмонбекович аркалап келген.