План ашыгы менен аткарылды. Бажы жана Салык кызматтары минкаб төрагасынын мактоосуна татыды

Министрлер кабинети Загрузка... 16 Июнь 2025 17:28
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек,16.06.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев белгиленген пландар ашыгы менен аткарылганы үчүн Бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиевди жана Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовду мактоого алды.

Минкаб башчысынын айтымында, бул кызматтардын натыйжалуу ишмердүүлүгүнүн аркасында мамлекеттик бюджетке түшкөн кирешелер өсүп, пландалган көрсөткүчтөрдөн жогору натыйжаларга жетишилди.

Ал белгилегендей, экономикалык туруктуулукту камсыз кылууда жана өлкөнүн фискалдык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө Салык жана Бажы органдарынын ролу абдан чоң.

Адылбек Касымалиев жетекчилердин жоопкерчиликтүүлүгүн жана кесипкөйлүгүн жогору баалап, алардын мындан аркы да ийгиликтүү иш алып барарына ишенимин билдирди.