Бишкек, 24.03.25. /Кабар/. Бишкек шаарындагы унаа тыгын көйгөйүн чечүү, шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында ири базарларды борбордон тышка көчүрүү, иретке келтирүү жана заманбап унаа токтотуучу жайларды куруу иштери кызуу жүрүүдө.
Борбордогу ири базарлардын бири болгон "Ош базарын" жакынкы күндөрү шаардын сыртындагы жаңы жайга көчүргөндөн кийин ордун сейил бакка айландыруу тапшырмасы коюлганын президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, Бишкектен аэропорт тарапты көздөй бараткан жолдун боюнда курулуп жаткан жаңы базардын аянты азыркы базардан 4-5 эсе чоң болуп, заманбап шарттары менен болмокчу.
Жаңы базар президенттин Иш башкармалыгы тарабынан курулуп, учурда андагы саздак жер кыртышына дренаж жасалып, суулар тартылып эң оор жумуштар аткарылып жатканын президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев маалымдады.

“Ош базарындагы” соодагерлердин бардыгы жаңы базарга көчөт. Базардын аянты чоң, эски базардын аянты 8 гектар болсо, жаңы базардыкы 40 гектар. Курулуп жаткан базар кышкысын жылуу, жайкысын салкын болуп, бардык шарттары менен болот. Бул жерде иштей турган биздин жарандарыбызга бардык жакшы шарттар түзүлүүдө. Базарда эт, сүт-азыктарын, жашылча-жемиштерди, азык-түлүк, кийим саткан блоктор болуп бардыгы өз-өзүнчө бөлүнгөн”,- деди Туманбаев.

Ал эми Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жаңы "Ош базары” 3 ай ичинде курулуп бүтүп, толугу менен көчүрүлөрүн 6-мартта базардагы рейд учурунда билдирген.
Жаздын келиши менен Жаш Гвардия көчөсүнөн Ала-Арча дарыясынын көпүрөсүнө чейин эски бактардын ордуна жаңы көчөттөр отургузулуп, таштанды челектер алмаштырылып, туура эмес жарнактар алынууда.
Маалым болгондой, Ош базары 1983-жылы 5 гектар жерде түзүлгөн. Учурда расмий түрдө базарда 6 миңдин тегерегинде адам эмгектенип келет. Базардын айрым аймактары убакыттын өтүшү менен менчиктештирилип, учурда базарга 88 кожоюн ээлик кылат.

Шаар мэриясы “Ош базарынан” башка базарларды көчүрүү тууралуу маалымат азырынча жок экендигин билдирди. Бирок, атайын текшерүү иштери бардык базарларда жүрүп жаткандыгы барыбызга маалым. Мисалы, Бишкектеги "Аламүдүн" базары ирээтке келтирилип, аймагына 237 орундуу унаа токтотуучу жай курулуусу пландалууда. Ал 4 кабаттан туруп, 3 кабаты жер алдында жайгашат. Учурда "Орто-Сай" базарында да 252 унаа бата турган көп кабаттуу унаа токтотуучу жай курулуп, жер төлө бөлүгү аяктап калды. Эми базардын ичиндеги жолдор оңдолуп, асфальт төшөө иштери да башталмакчы.

Ошондой эле ветеринардык коопсуздукту камсыздоо, шаарды ирээтке келтирүү максатында Бишкектеги санитардык талаптарга жооп бербеген мал базарлар, касапканалар жабылып, тышкары аймакка жаңылары курулмакчы. Алсак, Бишкектин четиндеги Маевка айылында 3,7 гектар аянтка заманбап талаптарга жооп берген “Алтын-Казык” мал базары курулууда. Мал базардын аймагында сатуучулар жана кардарлар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, кеңири унаа токтотуучу жайы, мал үчүн өзүнчө короолор, ветеринардык текшерүү зоналары каралган.

Бишкек шаары административдик-аймактык реформанын негизинде кеңейип, 1,5 миллионго жакын калкы бар ири мегаполиске айланды. Андан тышкары, ички миграцияга байланыштуу да борбордо элдин саны өсүүдө. Ошондуктан мамлекет, калаа жетекчилиги тарабынан аткарылып жаткан бул иштердин бардыгы шаар тугундарынын жашоосу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, шаарды өнүктүрүүгө багытталууда.