Бишкек, 12.08.26. /Кабар/. Базар-Коргон районундагы Каба айылынын сугат суу маселеси чечилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Райондук суу чарба башкармалыгы Шабдан-Арык каналынын 3,3 чакырым бөлүгүндө механикалык тазалоо иштерин жүргүздү.
Аталган маселе буга чейин президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаевдин тургундар менен жолугушуусунда көтөрүлгөн. Өкүл каналдын тазаланып, Каба айылына сугат суусун жеткирүүнү тездетүүнү тапшырган.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында Шабдан-Арык каналы аркылуу Каба айылына сугат суусу жеткирилип, тургундардын көптөн берки көйгөйү чечилди.