Базар-Коргон райондук акимчилигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 31 Март 2026 13:50
IMG_3553_bitRg9c.2e.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 31.03.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон тиешелүү тескемелерге ылайык, өлкөнүн бир катар райондорунун мамлекеттик администрацияларынын башчыларынын орун басарлары кызматынан бошотулду, аны менен катар дайындоолор болду.

Тескемеге ылайык, Данияр Малабеков Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын – акимдин биринчи орун басары кызмат ордунан өз каалоосу менен бошотулду.

Ал эми Ниязбек Козуев Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын – акимдин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Ошондой эле Канышай Кадырова Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын – акимдин орун басары болуп дайындалды.