“Бави” тайфунунан улам Кытайда 2,4 млн адам эвакуацияланды

Дүйнө Загрузка... 13 Июль 2026 09:20
WhatsApp Image 2026-07-13 at 06.11.55 (1).jpeg
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. Кытайдын чыгышындагы Тайчжоу шаарына жеткен "Бави" тайфунунан улам 2,4 миллионго жакын адам эвакуацияланды, деп South China Morning Post басылмасы билдиргенин Интерфакс жазды.

Маалыматка ылайык, Вэньчжоу шаарына жеткен тайфун жаан-чачын алып келди. Анда шамалдын ылдамдыгы саатына 108-117 чакырымга жетти. Түштүк жана чыгыш Кытайдын бир катар аймактарында катуу жаан-чачын катталды.

Метеорологдор тайфун түндүктү көздөй жылып баратканын белгилешти.

Басылманын маалыматы боюнча, мындай аба ырайы 2800дөн ашык аба каттамдын токтошуна алып келиши мүмкүн. Атап айтканда, Шанхайдын Пудун жана Хунцяо эл аралык аэропорттору 650дөн ашык каттамды токтотууга даярданган.