Баткенде сел каптаган жолдор ачылып, үйлөр тазаланууда

Кырсык Загрузка... 22 Июнь 2026 09:20
Sel_Talas_main-1068x600.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. Күн мурун, 21-июнь күнү Баткен облусунун тоолуу аймактарында жааган катуу жамгырдан улам бир нече айылда сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин Баткен облустук башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Самаркандек айыл аймагында саат 13:00 чамасында тоолорго жааган жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон сел түшкөн. Жаңы-Бак айылындагы Орто-Сай сел жүрүүчү сайына суу толуп, ички чарбалык жолду каптаган.

"Жол убактылуу жабылганы менен ӨКМдин ыкчам аракетинин натыйжасында каттам кайрадан толугу менен ачылды. Сел калдыктарын тазалоого 1 атайын техника тартылып, сайдын ичи иретке келтирилди.
Ал эми Лейлек районунда саат 15:30 чамасында жааган нөшөрдөн улам Катраң айылынын Келечек конушунда сел жүргөн. Куткаруучулар ушул тапта эң оор чекиттерде жумуш алып барышууда. Алдын ала маалымат боюнча, 4 турак үйгө жана 5 жертөлөгө сел суулары кирген.
ӨКМдин Лейлек району боюнча бөлүмүнөн 9 куткаруучу, ошондой эле "№13 Жол тейлөө ишканасы" ишканасынан 1 жүктөгүч жана 1 грейдер тазалоо иштерине көмөктөшүүдө. Учурда үйлөрдү жана жертөлөлөрдү сел калдыктарынан тазалоо кызуу жүрүп жатат",-деп айтылат маалыматта.