Баткенде суу каналдары оңдолууда

Аймак 29 Март 2026 12:00
656951608_1481034240056693_4756729883284848464_n.jpg
657109409_1481034060056711_1039896455251341617_n.jpg
657394883_1481033803390070_3047490116577125785_n.jpg
658298091_1481033616723422_6307066839700953964_n.jpg
657403335_1481033730056744_8907344818804873422_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 29.03.26. /Кабар/. Баткен шаарын жана Баткен районунун айыл аймактарын аралап өткөн Р6 каналы оңдолууда. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштери мамлекеттик каржылоо менен 2025-жылдын декабрь айында башталган. 463 млн сомго каналдын 15,5 чакырым аралыгында калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

Облус башчысы Мамыржан Рахимов курулуш иштерин тездетүүнү тапшырды. Тагыраагы, 15-апрелге чейин дыйкандарга сугат суу берилиши керектиги белгиленди.

Учурда 160тан ашык жумушчу жана тийиштүү адистер иш алып барууда. Керектүү техникалар тартылган. Азыркы күндө 9,8 километр аралыгында каналдын негизин даярдоо аяктап калды, калган бөлүгүндө бетондоо иштери жүрүп жатат.