Бишкек, 05.03.26. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Савай айылындагы ирригация маселеси быйыл толугу менен чечилет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин кеңешме жыйынында Суу ресурстары башкармалыгынын башчысы Алмаз Жээналиев билдирди.
Маалыматка ылайык, Савайдагы ирригация маселеси чечилсе, айыл чарба жерлеринин натыйжалуу сугат суусу менен камсыз болушуна шарт түзүлөт. Бул фермерлер үчүн продукциянын көлөмүн жана сапатын жогорулатууга, ошондой эле жердин сугатка ылайык туруктуулугун камсыздоого мүмкүндүк берет.
Учурда Савай айыл аймагындагы коллектор-дренаж тармагын механикалык тазалоо иштери активдүү жүрүп жатат. 11,6 чакырым коллектор-дренаж тазаланган болсо, 2026-жылы калган 11,7 чакырымында иштер аткарылат.