Ташкент, 21.05.25. /Кабар/. Дүйнөлүк банк Өзбекстанга ирригациялык жана дренаждык инфраструктураны жаңылоого 200 млн доллар жеңилдетилген насыя бөлдү, деп билдирет банктын Ташкенттеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.
Долбоор беш аймакты камтып, суу жоготууну кыскартууга жана энергиянын үнөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Өкмөт дагы 23,2 млн доллар бөлөт.
Бул демилге Борбор Азиядагы суу ресурстарын сактоо боюнча Дүйнөлүк банктын аймактык программасынын алгачкы баскычы болуп саналат.
Өлкөнүн кургакчыл климаты ирригацияны айыл чарба үчүн зарыл кылат. Бул тармак ИДПнын 25 пайызын түзүп, калктын олуттуу бөлүгүн иш менен камсыздайт. Айыл чарба суунун 90 пайызын керектейт.
Климаттык өзгөрүүлөр — мөңгүлөрдүн азайышы, буулануунун күчөшү жана кургакчылыктын тездеши — суунун тартыштыгын күчөтөт. Натыйжада, суу ресурстары 30–40 пайызга кыскарып, ирригацияга болгон муктаждык 25 пайызга көбөйүшү мүмкүн.
Азыркы тапта 2,4 млн гектардан ашык сугат жер насос аркылуу сугарылат. Бул үчүн 1 700гө жакын насос станциясы колдонулуп, жылына 7,2 млрд кВт·с электр энергиясын сарптайт — бул өлкөнүн жалпы энергия керектөөсүнүн 16 пайызын түзөт.
Адистердин баамында, долбоор эски инфраструктураны жаңылап, суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга шарт түзөт.