Бишкек, 18.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда үстүбүздөгү жылы ирригация тармагына капиталдык салымдар аркылуу 10 млрд 281 млн сом, капиталдык оңдоо иштерине 1 млрд 132 млн сом каралган. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Маалыматка ылайык, 2025-жылы ирригация тармагына 4 млрд 491,7 млн сом бөлүнгөн. Мындан тышкары, донордук каражаттардын тогуз айлык планы 2 млрд 228 млн сомду түзгөн.
“Өлкөдө сугат каналдарынын жалпы узундугу 28 миң чакырымды түзөт. Анын ичинен 5 миң 885 чакырымы мамлекеттик ирригациялык фондго караштуу чарбалар аралык каналдар болуп саналат. Алар жыл сайын тазалоону жана оңдоону талап кылат.
2025-жылы 562 чакырым чарбалар аралык канал тазаланып, 4 миң 455 гектар жаңы сугат жер өздөштүрүлгөн. Ошондой эле 28 миң гектардан ашык жердин суу менен камсыздалышы жана 4,6 миң гектар жердин мелиоративдик абалы жакшырды”,- деди минкаб төрагасы.
Ал эми 2026-жылдын тогуз айында 596 чакырым канал тазаланып, 13 БСР жана БДРде иштер аяктаган. Анын тогузу реконструкцияланып, төртөө жаңыдан курулган. Натыйжада 3 миң 279 гектар жаңы сугат жер өздөштүрүлүп, 27 миң гектарга жакын жердин суу менен камсыздалышы жакшырган.
“Бул иштер сугат суусун топтоого, аны натыйжалуу бөлүштүрүүгө жана жай мезгилиндеги суу тартыштыгын азайтууга багытталган. Мындан ары сугат суу тартыштыгын жана суу талаштарын азайтуу үчүн күзгү айдоо, күзгү жана эрте жаздагы ным топтоо, тоң жана сугат иштерин күчөтөбүз”, — деп белгиленди Касымалиев.