Кадамжай районундагы ирригациялык объекттер текшерилди

Аймак Загрузка... 13 Май 2025 16:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 13.05.2025. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Нурлан Жумаев Кадамжай районундагы ирригациялык объектилердин абалын текшерди.

Ведомстводон маалымдашкандай, ал “Лаган” каналынын, “Караван” жана “Көк-Талаа” күнүмдүк жөнгө салуучу бассейндеринин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ошондой эле Жумаев Кадамжай районундагы дыйкандарга сугат суунун берилиши, жаралган көйгөйлөр жана маселелер менен жеринен таанышты.

Иш сапардын жыйынтыгы боюнча, сугат маселелерин чечүү жана айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн керектүү чаралар белгиленди.

Жумаев райондогу дыйкандарга бөлүштүрүп берилген сугат суунун көлөмүн текшерип, тиешелүү жетекчилерге вегетация мезгилинде жергиликтүү калкты сугат суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча тапшырмаларды берди.