Баткенде Адвокатура күнүнө карата спорттук иш-чара өттү

Спорт Загрузка... 15 Июль 2025 09:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 15.07.25. /Кабар/. 12-июль - Адвокатура күнүнө карата Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында спорттук иш-чара өттү. Бул тууралуу Адвокаттар кеңешинен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, иш-чара адвокаттар арасында сергек жашоо образын жайылтуу жана кесиптештер ортосундагы ынтымакты чыңдоо максатын көздөдү. Мындан сырткары, иш-чара аймактык адвокатуралардын активдүүлүгүн арттырууга жана региондордогу укуктук маданиятты өнүктүрүүгө багытталды.

Адвокаттар бул ирет мини-футбол, волейбол, шахмат боюнча мелдешишти.

Жеңүүчүлөргө кубок, медаль жана грамоталар тапшырылды.

Эске салсак, Адвокатуранын адвокаттар кеңеши 2024-жылы да спорттук иш-чараларды өткөргөн..