Баткен облусунда жер силкинди

Кырсык Загрузка... 15 Июль 2026 14:40
747723406_122209000.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 15.07.26. /Кабар/. Бүгүн саат 12:16да Баткен облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин Баткен облустук башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кара-Шоро айылынан түштүк-чыгышка карай 12 чакырым, ал эми Кызыл-Кыя шаарынан түштүк-батышка карай 53 чакырым аралыкта жайгашып, күчү 3 баллга жеткен.

Жердин силкинүүсү Кара-Шоро айылында 2,5 балл, Гайрат жана Кескен-Таш айылдарында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөнүн кесепетинен кыйроолор жана жабыркагандар жок.