Баткен облусунда жаңы медициналык мекемелер курулат

Аймак Жүктөлүүдө... 19 Март 2025 20:33
News_323023349718053612212256381950927667245-1.jpg
362dba73-300f-4294-b02e-1272a472cb78-WhatsApp Image 2025-03-19 at 19.17.07 (3).jpeg
546dbc3c-9558-474a-9232-769b0855d4d1-WhatsApp Image 2025-03-19 at 19.17.07 (1).jpeg
93137f7d-0a1e-4788-b078-3c58a86c6ff2-WhatsApp Image 2025-03-19 at 19.17.07 (4).jpeg
e5085cdc-a51e-4967-b885-5bd449b5ccf2-WhatsApp Image 2025-03-19 at 19.17.07 (2).jpeg
ff43a325-4fa4-4c3d-b9fd-c9486d46a688-WhatsApp Image 2025-03-19 at 19.17.07.jpeg
Без названия.jpg
e5085cdc-a51e-4967-b885-5bd449b5ccf2-WhatsApp Image 2025-03-19 at 19.17.07 (2).jpeg
Без названия.jpg
93137f7d-0a1e-4788-b078-3c58a86c6ff2-WhatsApp Image 2025-03-19 at 19.17.07 (4) — копия.jpeg
362dba73-300f-4294-b02e-1272a472cb78-WhatsApp Image 2025-03-19 at 19.17.07 (3) — копия.jpeg
546dbc3c-9558-474a-9232-769b0855d4d1-WhatsApp Image 2025-03-19 at 19.17.07 (1) — копия.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon WWW

Бишкек, 19.03.25. /Кабар/. Бүгүн саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев жумушчу сапары менен Баткен облусунда жүрөт.

Ведомстводон билдиришкендей, иш сапардын алкагында ал Кулунду райондук Жалпы дарыгерлик практика борборунда (ЖДПБ) жана Баткен райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Кулунду санитардык-эпидемиологиялык бөлүмүндө болуп, калкка медициналык жардам көрсөтүүнүн учурдагы абалы жана шарттары менен таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө министрге 2019-жылы Кулунду Жалпы дарыгерлик практика борборунун имараттарынын бири “Центр Ас-Сафа” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан капиталдык оңдоодон өткөндүгү, Кулунду ЖДПБнын калган имараттары авариялык абалда экени тууралуу маалымат берилди.

Баткен райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Кулунду санитардык-эпидемиологиялык бөлүмүнүн имараты 1961-жылы курулуп, ал дагы учурда жараксыз абалга келген.

Министр Кулунду ЖДПБнын жана Баткен райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Кулунду санитардык-эпидемиологиялык бөлүмүнүн жаңы имаратын куруу маселеси чечилгенин, курулушка жер тилкелери бөлүнүп, объектилер титулдук тизмеге киргизилгенин белгиледи. Курулуш иштери быйыл башталат.

Андан соң министр Лейлек райондук Жалпы дарыгерлик практика борборуна барып, имараты авариялык абалдагы неврология жана терапия бөлүмдөрүнүн иши менен таанышты.

Белгилей кетсек, аталган бөлүмдөрдүн курулушу негизги титулдук тизмеге кирбей калган, бирок учурда Лейлек райондук ЖДПБнын авариялык абалдагы имараттарын кошумча титулдук тизмеге киргизүү иштери жүрүп жатат.

"Чек ара аймактарында медициналык инфраструктураны өнүктүрүү биздин приоритетибиз болуп саналат. Баткен областынын тургундарына заманбап шарттарда сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүлүшү керек. Саламаттык сактоо министрлиги бул багытта ишин улантат", - деди министр.