Бишкек, 22.07.26 /Кабар/. Баткен облусунун Кадамжай районунун аймагында чайыр өсүмдүгүн мыйзамсыз чогулткан эки жаран аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, министрликтин Баткен регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери аларга 11 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салышты.
"Жаратылыш ресурстарын мыйзамсыз чогултуу жана пайдалануу мыйзам бузуу болуп саналат жана мыйзамда каралган жоопкерчиликке алып келет",-деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.