Баткен облусунда шайлоочулардын 36%ы добуш берди

Шайлоо 30 ноябрь 2025 20:48
Баткен облусунда шайлоочулардын 36%ы добуш берди
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 30.11.25 /Кабар/. Баткен облусунда саат 20:00гө карата шайлоочулардын 36%ы добуш берди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, облуста шайлоочулардын жалпы саны 355 миң 192 жаранды түзөт.

Учурда 127 миң 567добуш берди.

Район-шаарлар боюнча жарнадардын шайлоого катышуусу төмөнкүчө;

- Баткен району - 32,8%

- Кадамжай району - 36,3%

- Лейлек району - 40,0%

- Баткен шаары - 29,4%

- Кызыл-Кыя шаары - 32,4%

- Сүлүктү шаары - 39,5%

Облус аймагында шайлоо участкалары ишин жыйынтыктады. Шайлоо тынч өттү. Олуттуу мыйзам бузуу фактылары катталган жок. Баткен облусунун аймагында коомдук саясий абал туруктуу.