Баткен облусунда 16:00гө карата 90 миңден ашуун адам өз тандоосун жасады — Кабар

Баткен облусунда 16:00гө карата 90 миңден ашуун адам өз тандоосун жасады

Шайлоо 30 ноябрь 2025 16:22
Баткен облусунда 16:00гө карата 90 миңден ашуун адам өз тандоосун жасады
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Баткен облусунда саат 16:00гө карата шайлоочулардын 25,4 %ы добуш берди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, облуста шайлоочулардын жалпы саны 355 миң 192 жаранды түзөт.

Учурда 90 миң 261 жаран добуш берди. Аймакта жалпы 225 шайлоо участкасы өз нугунда иштеп жатат.