Баткен облусунда 14:00гө карата шайлоочулардын 20,2 %ы добуш берди

Шайлоо Загрузка... 30 Ноябрь 2025 14:42
WhatsApp Image 2025-11-30 at 14.38.16.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Баткен облусунда саат 14:00гө карата шайлоочулардын 20,2 %ы добуш берди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, облуста шайлоочулардын жалпы саны 355 миң 192 жаранды түзөт.

Учурда 71 миң 905 жаран добуш берди. Аймакта жалпы 220 шайлоо участкасы өз нугунда иштеп жатат.