Президент: Адистерди мекенде алып калуунун жолу турак жай менен камсыздоо

Президент 14 октябрь 2026 16:10
Президент: Адистерди мекенде алып калуунун жолу турак жай менен камсыздоо
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Жарандарды турак жай менен камсыз кылуу келечек муундун коопсуз, билимдүү жана тарбиялуу болуп өсүшүнө шарт түзөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкектеги “Мурас” турак жай комплексинин батирлерин тапшыруу аземинде билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, билимдүү жана тарбиялуу жаштар өлкөнүн келечектеги интеллектуалдык потенциалын түзөт.

“Мындан тышкары, коомубуздун тиреги болгон мугалимдерди, дарыгерлерди, маданият ишмерлерин жана башка тажрыйбалуу адистерди башка тармактарга же чет өлкөгө кетүүдөн сактап калууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Анткени өз үйү бар адис башка көйгөйлөргө алаксыбай, билимин жана күчүн коомго, мамлекетке жумшайт”, — деди Садыр Жапаров.