Бишкектин 2050-жылга чейинки Башкы планы саналуу күн мурда бекитилди. Документте алдыда Бишкек борбордук позициясын күчөтүп, өлкөнүн эң ири шаары бойдон калат, ошондой эле логистикалык жана финансылык функцияларды өнүктүрүү аркылуу Борбор Азия шаарларынын арасында өз таасирин кеңейтери белгиленет. Башкы планда шаарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн негизги милдеттери тизмектелди.
“Кабар” агенттиги Башкы пландагы урунттуу учурларга токтолуп, кагаздагы сунуштар ишке ашканда шаар кандай өзгөрөрүн айтып берет.
Башкы план борбор калаанын 2050-жылга чейинки аймактык өнүгүүсүнүн негизги багыттарын, функционалдык зоналаштырууну, республикалык жана жергиликтүү маанидеги объекттерди жайгаштырууну, ошондой эле шаарда коопсуз жана ыңгайлуу жашоо чөйрөсүн камсыз кылуу чараларын аныктайт.

Башкы план 2050-жылга чейин аймактык пландаштыруунун негизги документи болуп саналат жана социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын иштеп чыгууда, инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда, ошондой эле курулуш жүргүзүү жана жер тилкелерин пайдалануу боюнча чечимдерди кабыл алууда милдеттүү түрдө эске алынат.
Бишкек шаарынын калкынын саны 2025-жылдын 1-январына карата 1 млн 321 миң 9 адамды түзгөн. 2050-жылга чейин бул сан 1 млн 920 миң адамга жетери айтылууда.

25 жылдын ичинде шаардагы жашоочулардын саны 598 миң адамга көбөйөт. Буга байланыштуу Башкы планга киргизилген сунуштар жана пландоолордо калктын болжолдуу саны эске алынган.
Турак жай
Бишкекте турак жай куруу үчүн 3,5 миң гектар жер бөлүнгөн. Турак жай зоналарын 4 кабаттан баштап 14 кабаттан жогору бийик көп кабаттуу үйлөр түзөт. Калктуу конуштардын чектеринде жаңы турак жай фонду жайгаштырылат, анын
87,2 %ы көп кабаттуу жана орто кабаттуу курулуш, 12,73 %ы аз кабаттуу жана жеке турак жай курулушу болот.
Көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу зонасы Ленин районунун түштүк бөлүгүндө жана Октябрь районунун түштүк-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан.
Турак жай курулушуна жогорку инвестициялык суроо-талапты эске алуу менен Башкы планда бийик кабаттуу турак жайларды жайгаштыруу үчүн зоналар бөлүнгөн.
Бул типтеги курулуш эски ат майдандын аймагында, ошондой эле түзүлүп жаткан райондук борборлордун курамында: “Бишкек-Сити” жаңы борборун түзүү пландалып жаткан Ленин районунда курулуп жаткан стадиондун аймагында жана Октябрь районунун түштүк-чыгыш бөлүгүндө Анкара көчөсүндө каралган.

Орто кабаттуу үйлөрдү шаардын борбордук бөлүгүндө да, жаңы курулуп жаткан райондордо да куруу каралган.
Турак жай курулушун төмөнкү калктуу конуштарда өнүктүрүү каралууда:
- Кара-Жыгач айылы (60 га аянтта жеке турак жай курулушу);
- Арашан айылы (270 га аянтта жеке турак жай курулушу);
- Экинчи Беш жылдык айылы (26 га аянтта аз кабаттуу жана жеке турак жай курулушу).
Жаңы көп функционалдуу борборлор
Бишкектин ар бир районунда жаңы көп функционалдуу борборлор түзүлөт. Ага ылайык, Ленин районундагы Жайыл баатыр көчөсү менен Барпы Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишинде “Бишкек-Сити” ишкердик борбору пайда болот.
Ар бир райондо түзүлө турган көп функциялуу борборлор:
- Октябрь районунда – Чыгыш Чоң Чүй каналы менен Чокон Валиханов көчөсүнүн кесилишинде;
- Биринчи май районунда – мурдагы Пригородное айылынын районунда;
- Свердлов районунда – Тоголок Молдо жана Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде.
Адистештирилген борборлор:
- шаардын түштүк бөлүгүндө – Ч. Айтматов проспекти боюнча административдик борбор;
- соода борборлору – "Дордой", "Аламүдүн", "Таалай", "Эталон строй", "Ош" базарлары;
- медициналык коомдук борборлор – мурдагы Новопавловка айылынын түндүгүнө карай, мурдагы Пригородное айылынын районунда, мурдагы Маевка айылынын жана "Сейтек Көк-Жар" турак жай комплексинин районунда.

Мындан тышкары, шаардын түштүк бөлүгүндө республикалык медициналык кластердин курулушу пландалууда:
- коомдук билим берүү борборлору – Чыгыш Чоң Чүй каналынын жана Достоевский көчөсүнүн районундагы кампус;
- коомдук рекреациялык борборлор – мурдагы Рассвет айылынын түндүгүнө карай, мурдагы Орок айылынын түндүгүнө карай, Достоевский жана Чокон Валиханов көчөлөрүнүн районунда;
- коомдук спорттук борборлор – мурдагы Пригородное айылынын чыгышына карай жаңы ат майданынын курулушу каралууда.
Ошондой эле Башкы планда мурдагы Новопавловка, Учкун айылдык калктуу конуштарында чакан борборлорду уюштуруу белгиленген.
Көчө-жол тармагын куруу. Башкы планда Бишкек шаарында көчө-жол тармагын өнүктүрүү боюнча бир катар иш-чаралар сунушталууда.

Жалпы узундугу 320,8 чакырым болгон магистралдык көчө-жол тармагын реконструкциялоо каралууда.
Ошондой эле жалпы узундугу 293,2 чакырым болгон магистралдык көчө-жол тармагы курулат.
Ал эми Киев көчөсүндө жөө жүргөндөргө ылайыктап, узундугу 3,3 чакырымга созула турган көчө куруу пландалууда. Мында коомдук транспорт үчүн тилке да болот.
Мындан тышкары, шаарда темир жол жана автомобиль жолдору аркылуу өтүүчү 15 өтмөктү, ар кандай деңгээлдердеги 44 транспорттук түйүндү, көпүрөлөрдү куруу камтылган.
Бишкек шаарында 44 чакырым узундуктагы түштүк айланма жолун куруу каралууда. Айланма жол Күн-Туу, Шалта, Баш-Кара-Суу, Беш-Күңгөй, Ленин айылдарын айланып өтөт.
Ал жогорку ылдамдыктагы жакынкы айланып өтүү жолуна альтернативдүү жол катары кызмат кылат деп пландалууда.
Жаратылыштык-экологиялык каркасты түзүү
Шаардын түндүк-чыгышындагы суу-жашыл каркастын негизги звеносуна уникалдуу флорасы жана фаунасы бар «Кара-Жыгач токою» сейил багын киргизүү керек – бул сейил бак Бишкектин эң байыркы сейил багы, ал гидрографиялык тармагы (Кичи Чүй каналы, Аламүдүн дарыясы, Пионер жана Комсомол көлдөрү) жана шаардын геоморфологиялык структурасы менен өз ара байланышкан. «Кара-Жыгач токою» сейил багы уникалдуу жаратылыш-маданий объект жана суу-жашыл каркастын негизги өзөгү катары жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагын уюштуруу үчүн сунушталышы мүмкүн.

Аламүдүн жана Ала-Арча дарыяларын, Чоң Чүй каналын, ошондой эле Ала-Арча жана Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычтарын түзгөн суу-жашыл коридорлорду түзүү үчүн жээк зоналарын реконструкциялоо, суу объекттеринин агымдарын тазалоо, жээк жана сейил бак зоналарынын системасын түзүү менен жээктеги зоналарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү зарыл.
- Аламүдүн жана Ала-Арча дарыяларынын, ЧЧК системасынын каналдарынын, ошондой эле Ала-Арча жана Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычтарынын боюнда өз ара байланышкан жана бирдиктүү системаны түзгөн суу-жашыл коридорлорун түзүү үчүн жээктеги зоналарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү, жээктеги аймактарды түзүү сунушталат.
- шаардын айрым аймактарын сейил бактар менен байланыштырып турган жашыл байланыштардын тармактуу системасын түзүүнүн эсебинен архитектуралык-пландаштыруу методдору менен жаратылыш комплексинин үзгүлтүксүз мейкиндигин калыбына келтирүү, бул үчүн турак жай жана коомдук зоналардын аэрациясын жакшыртуучу бульварларды түзүү сунушталат;
- жаңы курулуп жаткан райондордо жана курулуш аймагында түзүлгөн курулуп бүтпөгөн участоктордо жалпы пайдалануудагы жаңы жашылдандырылган аймактарды түзүү;
- шаардын түндүк бөлүгүндө адистештирилген эс алуу сейил бактарын уюштуруу;
- жалпы шаардык маанидеги ири сейил бак системасын түзүү;
- коомдук борборлордун аймактарын жашылдандыруу;
- мурдагы (реконструкцияланган) өнөр жай жана транспорттук аймактардын көрүнүшүн жана экологиялык абалын аймакты көрктөндүрүү каражаттары жана ландшафттык дизайн менен өзгөртүү;
- суу сактагычтардын боюнда жашыл тилке түзүү.
Коомдук транспорт. Бишкектин 2050-жылга чейинки Башкы планында коомдук транспорттун үч жаңы системасын түзүү сунушталууда.
Темир жол. Шаар ичиндеги темир жол транспорту Кожомкул жана Новопокровка айылдары менен батыш – борбор – чыгыш багыты боюнча жүргүнчүлөрдү ташыйт.
Узундугу 28,1 чакырым болгон темир жол линиясынын тилкесин электрлештирүү, бир жолдуу тилкелерге экинчи жолду куруу, төрт темир жол станциясын реконструкциялоо (“Бишкек-1”, “Бишкек-2”, “Сокулук”, “Аламүдүн”), төрт жаңы темир жол аялдама пунктун куруу жана иштеп жаткан төрт темир жол аялдама пунктун реконструкциялоо (Ала-Тоо, Ленин атындагы завод, Сельсовет, Нооруз), темир жол депосун куруу болжолдонууда.

Трамвай. Жеңил рельстүү транспорт (трамвай) тышкы транспорт объекттерине (автобекеттерге, “Манас” эл аралык аэропортуна) туташтыруу менен түштүк – борбор жана түштүк-батыш-түштүк-чыгыш багыттары боюнча жүргүнчүлөрдү ташууларды тейлейт. Узундугу 66,8 чакырым трамвай линияларын жана бир трамвай депосун куруу каралууда;
Метробус. Линиясынын жалпы узундугу 68,4 чакырым метробус тышкы транспорт объекттерине (автобекеттерге, “Манас” эл аралык аэропортуна) туташтыруу менен түндүк – түштүк жана түндүк – борбор багыттары боюнча жүргүнчүлөрдү ташууларды тейлейт.
Веложол. Велосипед каттамдарына инфраструктура түзүү сунушталууда. Жалпы узундугу 152 чакырым веложол салуу каралууда.
Унаа токтотуу жана коюу жайларынын аймагын туруктуу негизде кеңейтүү, ошондой эле шаардын тургундары көп чогулган ири объекттердин жанында көп кабаттуу автотранспортту коюу жайларын куруу сунушталат.
Социалдык объекттер
Башкы планда белгиленгендей, бала бакча, мектеп, оорукана, бейтапканадагы орундардын саны кбөйтүлөт. Ага жараша жаңы объекттер курулат. Ошондой эле маданий, спорт мекемелери да реконструкцияланып, айрым райондорго жаңылары салынат.

Бишкекте 148 унаалуу 13 медициналык тез жардам станциясын жайгаштыруу каралууда.
- Ленин районунда – 50 унаасы бар 4 станция;
- Октябрь районунда – 55 унаалуу 4 станция;
- Биринчи май районунда – 13 унаалуу 4 станция;
- Свердлов районунда – 30 унаасы менен 2 станция.
2050-жылга карата Бишкекте болжол менен 197 унаалуу 20 медициналык тез жардам станциясы иштей тургандыгы кошумчаланган.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын аймагында 49 унаасы бар 7 медициналык тез жардам станциясы жайгашкан.
Башкы планда Бишкек шаарын газдаштыруу, жаңы газ менен жабдуу тармактарын жана газды редукциялоо пункттарын куруу камтылган.

Таза суу менен камсыздоо иштери колго алынат, бак-дарактарды, көк майсаңдарды жана көчөлөрдү сугарууга сууну пайдаланууну толук ирригациялык системаларга которулат, тамчылатып сугаруу үчүн сугат системаларын киргизилет. Жеке турак жай курулуш аймактарынан агындыларды багыттоо үчүн суу бөлүштүрүүнүн жаңы тармактары курулат жана тазалоочу курулмалардын ишинин натыйжалуулугу жогорулатылат.