Бишкек, 11.12.25. /Кабар/. Укуктук колдоо декадасынын башкы максаты – өлкө жарандарына акысыз юридикалык жардам көрсөткөн мамлекеттик кызматтын бар экенин маалымдоо болду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын төрагасы Акжол Калбеков билдирди.
Төраганын айтымында, декада жыл сайын Адам укуктары күнүнө карата уюштурулуп турат.
“Адам укуктары - адам дүйнөгө келгенден тартып өмүрүнүн акырына чейин коштоп жүрүүчү эң негизги баалуулук. Бирок, укуктарын билбеген адам ар кандай көйгөйлөргө туш болушу мүмкүн. Дал ушул себептен мамлекеттин эң башкы милдеттеринин бири – жарандардын укуктук аң-сезимин жогорулатуу жана жеткиликтүү юридикалык жардам көрсөтүү болуп саналат.
Анын алкагында юристтер, адвокаттар, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлдөрү менен биргеликте кызмат көрсөтүштү. Атайын адамдар көп чогулган жер катары базар, соода борборлору тандалып алынат. Андан сырткары, агартуу максатында мектептерде семинарлар өткөрүлүп, жабык мекемелерге да юридикалык жардам көрсөтүлдү.
Эң маанилүүсү – декада маалында жардам алган жарандарга бир жолку кеңеш гана эмес, маселени аягына чейин чечип берүү механизми каралган. Тийиштүү учурда жаран акысыз адвокат менен да камсыздалат”,-деп кошумчалады ал.
Бул кызмат жарандарга жыл бою, күн сайын көрсөтүлөт жана ар бир райондо биздин адистер иштеп келет”,-деп кошумчалады ал.