Юридикалык жардам кызматы: Аймактарда параюристтер кызмат көрсөтүүдө

Аймак Загрузка... 11 Декабрь 2025 13:15
WhatsApp Image 2025-12-11 at 12.52.36.jpeg
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 11.12.25 /Кабар/. Алыскы аймактардагыларга юридикалык кызматтар жеткиликтүү эмес болгондуктан, параюристтер институтун түздүк. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын төрагасы Акжол Калбеков билдирди.

WhatsApp Image 2025-12-11 at 11.14.30.jpeg

Төрага белгилегендей, бул мүмкүнчүлүк алыскы аймакта жашагандар үчүн атайын түзүлдү.

“Жөнөкөй тил менен айтканда, параюристтер – булар калктын арасынан чыккан активисттер. Аларда юридикалык билим болбойт. Бирок, бизден келип окуп, тийиштүү сертификатты алып кетишет. Бул кызмат башка өлкөлөрдө да кеңири тараган. Биз алардын бул жааттагы эң алдыңкы тажрыйбаларын колдонуудабыз. Параюристтерди юридикалык укуктук жардам көрсөтүүчү, жарандар менен мамлекеттин ортосундагы көпүрө деп койсо болот. Ошондой эле алар юридикалык жактан адамдарды тейлей албайт, бирок, маалыматтык колдоо көрсөтө алышат”,-деди ал.