Бишкек, 28.07.26 /Кабар/. Испаниянын Барселона шаарындагы метродо чыккан өрттөн 136 жүргүнчүгө медициналык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Казинформ кабарлады.
Маалыматка ылайык, күн мурун метро линияларынын биринде поезд рельстеги өрттөн улам токтотулган. Жүргүнчүлөр авариялык эшиктерди өз алдынча ачып, рельс аркылуу болжол менен 200 метр аралыкты басып өтүп, жакынкы платформага чыгышкан. Ал жерде куткаруучулар жана медицина кызматкерлери аларга жардам көрсөтүшкөн.
Дарыгерлер жалпы 136 адамды кароодон өткөргөн. Айрымдары түтүнгө уулангандыктан кычкылтек маскалары менен жардам алышкан. Жалпысынан 39 адам ооруканаларга жана медициналык борборлорго жеткирилген.
Бүгүн метро кыймылы толугу менен калыбына келтирилди.
Алдын ала маалыматтарга караганда, өрт туннелдин каптамасы урап, анын күйүп кетишинен улам чыккан.