Балыкчы шаарында 3 км темир жолу оңдолду

Коом Загрузка... 11 Апрель 2025 13:47
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon «Кыргыз темир жолу»

Бишкекте, 11.04.25. /Кабар/. Балыкчы шаарында 3 км темир жолу оңдолду. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы маалымдады.

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында темир жолду капиталдык оңдоп-түзөө иштери уланып жатат. Оңдоо иштери аяктагандан кийин жүргүнчүлөр поезд менен түз эле Балыкчынын көл жээгине чейин жете алышат.

Негизги иштер:

- Эски рельстерди Р 65 тибиндеги рельстерге алмаштыруу;

- Жыгач шпалдарды темир-бетон шпалдарга алмаштыруу;

- Жалпы 5 км 400 м аралыкты оңдоо пландалган, анын ичинен 3 км 400 м иш аяктап, учурда жумуштар уланууда.

Белгилей кетсек, бул иш-чаранын негизги максаты – жайкы мезгилде Бишкек-Балыкчы жүргүнчү поезддеринин кыймылын коопсуздугун камсыздоо саналат.