Балтия өлкөлөрүндө катуу бороондон жүз миңдеген үйлөр жарыксыз калды

Дүйнө 24 Август 2026 09:35
w720h405fill.webp
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 24.08.26 /Кабар/. 22–23-августта “Приска” циклонунун айынан Латвия, Литва, Эстония, ошондой эле Польша менен Беларустун аймактарында катуу шамал катталды. Бул тууралуу Казинформ кабарлады.

Маалыматта белгиленгендей, шамалдын ылдамдыгы секундасына 30 метрден ашкан.

Литванын түндүк-чыгышында бир адамдын үстүнө дарак кулап каза болсо, Латвиянын Елгава шаарында дагы бир адам имараттын урандылары алдында көз жумган. Көптөгөн адамдар кулаган дарактардан жана унааларга кулаган бактардан улам жаракат алышкан.

Ошондой эле катуу шамалдан Латвияда 250 миңден ашуун, Литвада 150 миңден ашуун, ал эми Эстонияда дээрлик 3,5 миң үй электр жарыгысыз калган. Польшада 145 миңден ашуун үйдө электр энергиясы өчүп, Беларусияда 650дөн ашык калктуу конушта электр менен камсыздоодо көйгөйлөр катталган.

Мындан тышкары, Латвияда айрым мобилдик операторлордун кардарлары байланыш көйгөйлөрүнө туш болушкан.

Нөшөрлөгөн жаан бир катар аймактарда суу ташкындарына алып келип, автоунаа жолдорунда, темир жол каттамдарында жана деңиз транспортунда үзгүлтүктөрдү жаратты.