Бишкек, 03.03.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында Үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча улуттук кеңештин жыйыны өттү.
Жыйынга Кыргызстандын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү, эл аралык уюмдардын жана жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү, ошондой эле көз карандысыз эксперттер катышты.
Улуттук кеңештин жыйынында жети маселе каралды:
- 2022–2026-жылдарга карата Кыргызстанда аялдар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча программаны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктары;
- Балдар арасында укук бузуулардын жана суициддердин алдын алуу маселелери боюнча 2022–2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат;
- 2018–2028-жылдарга карата КР өкмөтүнүн үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо боюнча программасынын ишке ашырылышына жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча маалымат;
- Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө конвенциянын ченемдерин аткаруу боюнча Кыргызстандын мезгилдүү баяндамасын даярдоо боюнча маалымат;
- Балдарды зомбулуктан, дене-бой жазаларынан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү тартибинин долбоорун жана зомбулуктан, дене-бой жазаларынан жабыр тарткан балдарга жардам көрсөтүү тартибинин долбоорун талкуулоо;
- Бириккен Улуттар Уюмунун Баланын укуктары боюнча комитетинин корутунду сын-пикирлерин аткаруу боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө;
- Бириккен Улуттар Уюмунун Баланын укуктары боюнча комитетинин корутунду сын-пикирлерин аткаруу боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруу үчүн санариптик инструменттерди колдонуу менен мониторинг негиздерин түзүү.
Жыйындын жыйынтыгы менен күн тартибиндеги маселелер боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик органдарга конкреттүү тапшырмаларды берди.
Ошондой эле Үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча улуттук кеңештин 2026-жылга карата иш-чаралар планы бекитилди.