Чындап келсе, адам өмүрү өтө эле кыска аралыкты камтыйт. Балалык, жетилген курак, жаштык, орто жаш, карылык. Мына ушул адам өмүрүн өлчөгөн курактардын ичинен эң эле баёосу – балалык!
Анткени, адам бар бактысын, өмүр бою эстеп көңүлүндө аздек туткан дүйнөсүн, тазалыгын – бир гана балалыкка таштап, анан өмүрү өткүчө ошол бактысын эңсеп таба албай, жомокко айланган өтмүш күндөрдүн жагымдуу элестерин эңсеп өтөт.
Бала үчүн ата-энеси мээрим төгүп, курсагы ток, кийими бүтүн, үйүндө күлкү, көчөдө оюн болсо, ошол анын сөз менен жеткире алгыс байлыгы. Уйкусу ачылар замат көчөгө чуркамай, кечкурун чаалыгып үйгө кайтмай, уйкуга кетер алдында кайрадан кыялындагы жомок дүйнөсү менен жашап, анан кайра эле эртеңки күнү оюнга чуркамай... Бул, бала үчүн сөз менен айтып жеткире алгыс зор казына!
Жомокко ишенүү, ата-энеден уккан нерсесин кыялында жаратуу – бир гана балага энчиленген. Ар бир үйдүн ичиндеги баланын ыйы эмес, күлкүсү – мамлекеттин зор ишенич пайдубалы. Татыктуу тарбия менен өсүп жетилген бала – эртеңки күндүн карманар тиреги!
Өнүгүп-өсөм деген мамлекет – оболу балдарга кам көрөт. Балдардын саламаттыгы, мамлекеттин амандыкта турушунун кепилдиги!
* * *
Улуттун келечеги – балдардын аң-сезиминин таза, ден соолугу чың болуп, үйүндө жана бала бакчада, мектепте татыктуу таалим алып калыптанышы менен тыгыз байланышта. Демек, бул үчүн мамлекет эң биринчиден кубаттуу өлкө курууда балдарга басым жасашы кажет. Бүгүнкү интернет, социалдык тармак, Жасалма Интеллект деген көрүнүштөр күн санап алдыга озуп аткан чакта балдардарды кантип туура жолго салабыз деген ой – ар бирибиздин көйгөйүбүзгө айланууда.
Эне тил, улуттук каада, ата-бабалардан калган насыят, улуттук оюндар, мамлекеттүүлүктү түптөөдө өзгөчө роль ойногон жалындуу инсандардын баскан жолунан кабардар кылуу – башкы максат. Азыр эгер кыргызды жаман жосундан сактап, зөөкүрлүктөн, кумар оюндарынан, интертеттин зыяндуу жактарынан оолак кармайлы десек, ар бир үй-бүлө алдында турган баланын абалын тереңден аңдап, ушул бала элге кызмат өтөгүдөй тарбия берүүгө кандай салым кошсом экен деп кабатыр болушу, анан чечкиндүү аракеттерди көрүшү абзел.
* * *
Ар бир үй – терс адаттардан, оройлуктан, мыкаачылыктан тыш болуп, адепке сугарылган кептер гана жаңырып турушу шарт. Абийир жана намыс, билим дүйнөсү, күжүрмөн эмгек – адам баласын тарбиялоонун куралы.
Сөздү түшүнүү, сөздүн маанисин аңдоо, ойлоно билүү, сүйлөө жана жазуу речин калыптандыруу, логика, китеп дүйнөсү, дене тарбиясы менен өстүрүүнүн жемишин бир гана үй-бүлө көрбөстөн, жалпы мамлекет көрөт.
Бизге, акыл-эстүү, табият тартуулаган шык-жөндөмү менен улутка кызмат өтөгөн уул-кыздарды коомго берүү маанилүү.
* * *
Дүйнө өзгөрүүдө...
Технология өнүгүп, жашоо ыргагы тездеди. Заман кандай гана болбосун, балага болгон мээрим, жылуулук жана көңүл – эң биринчи орунда турушу кажет.
Баланы коргоо — анын ден соолугун гана сактоо эмес, анын жан дүйнөсүн түшүнүү, кыялын колдоо, үмүтүнө канат байлоо.
1-июнь – ар бир баланын бактылуу турмушта күн кечирип, эрезеге жетишин эске салган маанилүү күн!
Демек, сөз соңунда айтарым, балдардын бактысы тоодой болуп, алар согушту эмес — тынчтыкты, кайгыны эмес — кубанычты, жалгыздыкты эмес — сүйүүнү сезип чоңоюшун тилейли.
Балдардын күлкүсү өчпөй, жүрөгүндө кубаныч жашасын. Асманыбыз ачык, балдарыбыз аман болсун!
Биз үчүн мындан ашкан бакыт, мындан ашкан байлык да жок экени ырас...