Балдар мектептеги окуусунан кийин бош убакыттарын пайдалуу өткөрүү үчүн кызыгуусуна жана жөндөмүнө жараша ар кыл ийримдерге баруусу маанилүү дешет адистер. Эгерде сиздин 4 жаштан 18 жашка чейинки уул-кызыңыз болсо, анда бул маалымат ашыкча болбойт. Биз бул ирет Бишкектеги Свердлов районундагы балдардын чыгармачылык борборуна баш багып, андагы окуучулар жана мугалимдер менен баарлаштык. Бүгүнкү күндө бул борбордо 2 миңден ашуун бала 58 ийримге акысыз катышып, бош убактыларын пайдалуу жана көңүлдүү өткөрүү менен алек.

Бишкек шаарындагы №4 орто мектептин 7-классынын окуучусу Айжан Тургунбаева сабактан кийин Свердлов районунун балдар чыгармачылык борборунун комуз ийримине катышат. Айжан 4 жылдан бери комуз чертүүнү үйрөнүп, “Азем” фольклордук ансамблинин мүчөсү болгонго жетишкенин айтат.

“Мен мектептен тышкары убактымды текке кетирбей балдардын чыгармачылык борборуна келем. Бул жактан вокал, англис тили жана комуз ийримдерине катышам. Комуз ийриминен билим алып жатканыма төрт жыл болду. Мугалимим Рысмендеева Нургүл Кубанычбековна бизге сабак берет. Биз борбордогу “Азем” фольклордук ансамбли аркылуу көптөгөн сынактарга, концерттерге катышып турабыз. Ошондой эле биз чет өлкөлөргө да чыгып эл аралык иш-чараларда өнөрлөрүбүздү тартуулап келебиз. Дагы айта кетсем, мен “Күз жаңырыгы” жана “Мен кыргызстандыкмын” аттуу сынактарга катышып, 1-2-орундарды ээледим. Биздин чыгармачылыгыбызды өркүндөтүүгө салымын кошуп келе жаткан Нургүл эжейибизге ыраазычылыгымды билдирем”, - деди жаш комузчу.

Ушул эле чыгармачылык борбордун таланттуу кызы 9 жаштагы Арууке Турдубекова №85 мектептин 3-классынын окуучусу. Ал “Жаз” бий тобундагы өнөрлүү кыздардын катарын толуктап, ошол эле маалда мектептеги алдынкы окуучулардын бири экенин мугалимдери айтышты. Жеткинчек келечекте мыкты бийчи болууну кыялданарын, бул үчүн болгон күч-аракетин жумшап жатканын белгиледи.

“Мен бийди аябай жакшы көрөм. Ошондуктан бий ийримине катышып жүрөм. Бизге мугалимибиз көптөгөн бийлерди үйрөтөт. Анан биз концерттерге жана сынактарга катышабыз. Биз алдыда дагы көптөгөн мелдештерге даярданып жатабыз. Мен анда жакшы жыйынтык көргөзгөндү каалайм жана аракет кылып жатам. Мен бийге катышкандан бери баарына жетишип келем. Анткени биздин эжейибиз бийге катышканда сабакка дагы, бийге дагы жетишкиле, кечикпей келгиле деп айтат”, - деп күлүмсүрөдү Арууке.

Бишкек шаарынын Свердлов районунун балдар чыгармачылык борборунда жогоруда аты аталган Айжан менен Аруукедей өнөрлүү балдардын саны арбын. Борбордун директору Нагима Сулайманованын айтымында, учурда балдардын жалпы саны 2 миңден ашат. Мында балдарга 58 ийримде акысыз сабактар ѳтүлѳт.

“Биз борбор калаанын Свердлов районунун аймагында жашаган 4 жаштан 18 жашка чейинки балдарды кабыл алабыз. Борборубуздун башкы корпусу Жумабек көчөсү, 109 дарегинде жайгашкан. Мындан тышкары 4 филиалыбыз бар. Алар Ялтинская көчөсү, 100, Чыгыш 5 кичи районунда Мамбетова көчөсү, 1/3, Аламүдүн-1 кичи районундагы 77-үй, Алма-Ата көчөсү, 424 даректеринде жайгашкан. Борборубузда балдардын чыгармачылыгын маданий-эстетикалык жактан өнүктүрүүгө, мектеп окуучуларына кесипке багыт берүүгө, окуучулардын жана өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулукту алдын алууга, сергек жашоо көндүмдөрүн жайылтууга өзгөчө көңүл бурулат. Мугалимдер балдардын жөндөмдүүлүктөрүнө жараша чыгармачылык кызыгуусун калыптандырууга, өнөрүн көрсөтө алууга, өзүн-өзү өнүктүрүүгө жол көрсөтүүгө аракет жасашат. Ийримдердин иш жүргүзүүсү окуу жылынын башында бекитилип, окуу графиги түзүлөт. Балдар мектептеги сабактарына жараша эки нөөмөттө, эртең мененки жана түштөн кийинки ийримдерге келишет. Мугалимдер жана окуучуларыбыз жыл ичинде майрам күндѳрүнѳ арналган шаардык, республикалык жана эл аралык көргөзмөлөргө, сынактарга, концерттерге жана башка иш-чараларга активдүү катышып келет”, - деп белгиледи Нагима Сулайманова.