Бизде ата-энелердин балдар менен баарлашуу маданияты кандай? Балдар менен туруктуу баарлашуу канчалык маанилүү? Эмне себептен кээ бир балдар чөйрөгө ачык, ал эми кээ бир балдар түнт жана агрессиялуу деген суроолорго тажрыйбалуу педагог, Ош мамлекеттик университетинин "Ыйман" окуу-тарбия комплексинин директору, “Балам мыкты болсун десеңиз”, "Эң мыкты ата!" китептеринин авторлошу Талантбек Маматов жооп берет.
— Бала менен баарлашуу канчалык маанилүү?
— Баарлашуу деген - бул баланын ички дүйнөсүн, сезимдерин жана ой-жүгүртүүсүн калыптандырган негизги факторлордун бири болуп саналат. Бала төрөлгөндөн баштап эле ата-энесинин үнүн, мамилесин сезип, ошол аркылуу дүйнөнү тааный баштайт. Мисалы, адам үчүн аба, суу, тамак-аш кандай зарыл болсо, бала үчүн ата-эненин мээрими, көңүл буруусу, аны менен адам катары маектешүүсү, кеңешүүсү да ошончолук маанилүү. Бүгүнкү күндө көптөгөн ата-энелер ушул нерсени сезбей жаткандыгы өкүндүрөт. Психологиялык изилдөөлөр балдары менен кичинекей кезинен баштап көп сүйлөшкөн ата-энелердин балдары сөз байлыгы эки эсе жогору болорун көрсөткөн. Ошондой эле Гарвард университетинин 2019-жылкы изилдөөсүндө апасы көп сүйлөшкөн балдар стрессти жакшы көтөрөрү, лидерлик сапаттары эрте калыптанары аныкталган. Бул дагы баарлашуунун канчалык маанилүү экендигин көрсөтүп турат. Ошондой эле психологдор дагы ата-эне менен жакын мамиледе өскөн балдардын коркуу сезими азыраак жана өзүнө болгон ишеними күчтүүрөк болот деп айтат.
— Ата-энеси көңүл бурган жана анчейин көңүл бурулбаган баланын айырмачылыгы барбы?
— Өтө чоң айырмасы бар. Ата-эне көп маани бербеген же ортодо бир барьер бар балдар дароо эле айырмаланып калат. Мисалы, көңүл бурулган балдар ата-энесинин мээримин сезип, алардын сүйүүсүнө ишенгендиктен психологиялык жактан туруктуу болот. Ошол эле маалда социалдашкан болуп, башка балдарга дагы камкор, боорукерлик менен мамиле кылат. Оңой тил табышып кетет. Стресс абалына туруктуу болот.
Ал эми көңүл бурулбаган балдардын ичинде бир кыжаалатчылык, кооптонуу, жалгыздык сезими анан өзгөчө агрессия болот. Ал өзүнө ишенбестик сыяктуу көйгөйлөр менен чоңоёт. Кимдир-бирөөнүн мээримин тынымсыз каалайт. Бирөөнүн көңүлүн өзүнө бурдургусу келет. Мына ошол учурларда бала мектепте тентектик, рэкетчилик кылышы мүмкүн. Башкаларга жаман мамиле жасап, жаман адаттарга берилип, мугалимдерге каяша айтып, виртуалдык жашоого кирип кетүү коркунучу да жогору болот. Алар мына ушул аракеттер менен ата-энесинин көңүлүн бурат. Башкача айтканда бул баланын ичиндеги “мага көңүл бур, мен бармын” деген кыйкырык болот. Биз көбүнчө буга маани бербей, бала менен ата-эненин ортосундагы ажырымды дагы да чоңойто турган иштерди жасай беребиз. Мындан келечекте чоң маселелер жаралышы мүмкүн. Биринчи кезекте баланын сезимдерине көңүл буруу зарыл.
— Учурда ата-эне дагы, бала дагы смартфондорго байланып калганын байкап жатабыз. Сиздин буга көз карашыңыз кандай?
— Бүгүнкү күндө жашоонун ажырагыс бөлүгү болуп калган смартфондорго таптакыр тыюу салуу натыйжа бербейт. Муну кабыл алышыбыз керек. Болгону – гаджеттерди туура колдонуу менен пайдалуу кылганга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Балдар биздин күзгүбүз. Бардык адам өзү чоңойгон үй-бүлөнү туурап жашайт. Бир туугандын таасирин жана ата-эненин тарбиясын алабыз. Коомдон көрөбүз. Кыргыз элинде дасторкон четиндеги тарбия, тамак үстүндө баарлашуу деген сонун адат бар эле. Азыр андай болбой баратат. Себеби, дасторкондо отурганда ата-эне дагы, бала дагы телефон чукулайт. Аларды көргөн балдар ошону эле кайталайт. Мисалы бир эне бир күн кечке сериал көрүп отуруп, баласын “убактыңды туура пайдалан, китеп оку” деп урушканы өтө одоно көрүнүш. Гаджеттерди туура пайдалануу жана өзүбүз өрнөк болуу менен гана бул көйгөйдү чече алабыз. Биринчиси - балдарды коомдук иштерге тартуу менен гаджеттерден бир аз узактатса болот. Ошондой эле ата-эне менен балдардын биргеликте сейилдөөсү. Спорттук оюндар, сүрөт тартуу, кол өнөрчүлүк деген сыяктуу иш-чараларга берүү. Экинчиси – гаджеттерди билим берүү максатында пайдалануу. Кичинесинен баштап пайдалуу видеолорду көргөзүү. Кругозорду, чыгармачылыкты, фантазияны, математикалык жөндөмдөрдү өстүрүүчү, тил үйрөтүүчү тиркемелерди колдонууга болот. Таптакыр тыюу салуу менен маселе чечилбейт. Тескерисинче ырбашы мүмкүн.
— Жумуштан бошобогон же алыста жүргөн ата-энелер кандай кылышы керек? Аларга кандай кеңеш бересиз?
— Балага атанын дагы, апанын дагы көңүл буруусу, мээрими зарыл. Бирок, азыркы жашоодо ар кандай себептерден улам эки ата-эне тең иштеши мүмкүн. Миграцияда жүргөн ата-энелер да бар. Азыр жогоруда айтканыбыздай интернеттин, гаджеттердин заманы болуп жаткандыктан, ата-эне баласына ватсап аркылуу күнүнө 5-6 жолу, жок дегенде 1-2 жолу чалып, беш мүнөттүн айланасында сүйлөшүп туруусу керек. Ал-ахыбалын сурап турганы абдан пайдалуу. Ал эми иштеп кечинде келген ата-энелер болсо кеминде 15 мүнөттөн 1 саатка чейин маектешсе болот. Бирок бул ”күндөлүгүңдү алып чык, канча алдың, эмне кылдың?” деген отчет түрүндө эмес, баланын жан дүйнөсүн ача турган баарлашуу болушу керек. Көзүнө карап, мээрим менен, көңүл коюу, кунт коюу, жылуу мамиле менен сүйлөшүү зарыл. Ошондой эле ата-эне өзү да окуп, изденип билимин кеңейткени жакшы. Бүгүнкү күндө балдарды туура тарбиялоого багытталган маалыматтар абдан көп. Көп китептер, интернет булактары, ютубдагы психолог, педагог ж.б адистердин кеңештери бар. Балдар өзүнчө бир дүйнө. Алардын бул дүйнөсүнө кирүү, анын башкы каарманына айлануу ата-энелердин колунан келет. Эң негизгиси каалоо маанилүү.