Баланын өзүнө ишенүү сезими кантип калыптанат? Психолог айтып берет

Маек Загрузка... 18 Июль 2025 18:10
WhatsApp Image 2025-07-18 at 17.29.11.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Адамдын көптөгөн сапаттары жана мүнөз өзгөчөлүктөрү бала кезде түптөлөт. Бул сапаттар анын келечектеги жашоосунда, чечим кабыл алуусунда жана адамдар менен болгон мамилесинде түз же кыйыр түрдө чагылышы мүмкүн. Балада калыптанган мүнөзгө ата-эненин, үй-бүлөнүн жана жакын чөйрөнүн да таасири зор. Айрыкча коркоктук, өзүнө ишенбестик деген сыяктуу сапаттар төрөлгөн учурда эмес, көбүнчө тарбиянын, мамиленин жана социалдык таасирлердин натыйжасында пайда болот. Бул сапаттар кайдан келип чыгат? Аларды өзгөртүү мүмкүнбү деген суроолорго тажрыйбалуу балдар психологу Мээрим Рыскулова жооп берет.

Өзүнө ишенбеген, өзүн баалоосу төмөн бала кандай болот?

Өзүн төмөн баалаган балада тынчсыздануу, көбүнчө өзүнө ишенбестик болот. Ал оюн айтуудан коркот. Эч качан өзү баштап демилге көтөрбөйт. Көп учурда жакындарынын же теңтуштарынын пикиринен көз каранды болуп, жакпай калсамчы деп санааркайт. Жетишкендиктерин төмөн баалап, өзүн терс өңүттө мүнөздөйт. “Мен эч нерсе билбейм, кыла албайм го, колуман келбейт, башкалар менден жакшыраак, мен начармын” деген сыяктуу сөздөрдү көп айтат. Окууда кыйынчылыктарга бат алдырып, доскага чыгуудан ийменет. Башкалар менен баарлашуудан тартынып, активдүү аракеттерден качат.

Ошондой эле, өзүн төмөн баалоо айрым учурларда тескери жүрүм-турум аркылуу да байкалышы мүмкүн. Мисалы, көрсөтмө мүнөз (демонстративдүүлүк), мактануу же агрессивдүү жүрүм-турум. Алар муну менен өзүн маанисиз сезүүдөн коргошот.

Баладагы өзүнө болгон ишеним кайсы учурда төмөндөйт?

Чоңдор баланы көп сынга алганда, ашыкча үмүт артканда, башка балдар менен салыштырганда. Колдоо менен мактоонун жетишсиздигинен да келип чыгышы мүмкүн. Үй-бүлөдөгү абал тынч эмес болсо, ата-эненин ажырашуусу же башка жерге көчүү дагы себеп болушу ыктымал. Бул нерселер баланын мен жакшы эмесмин, татыктуу эмесмин деген ойлорго алып келет.

Өзүнө ишенбөөчүлүк менен уяңдыктын айырмасы эмнеде?

Уяңдык – бул адамдын сапаты. Тагыраак айтканда темперамент. Балага кичинекей кезинен тарта бир нече пайыз темперамент кошо берилет. Мисалы, бир бала – кичинесинен эле активдүү, ачык-айрым, башкалар менен баарлашканды жакшы көрөт. Ал эми кайсы бир бала – бала кезинен жоош, түнт, өзү менен өзү менен жүрө берет. Андыктан, бул жерде анын жаратылыш мүнөзү роль ойнойт.

Уяң балдар өзүн жакшы баалайт, жетишкендиктерин, мүмкүнчүлүктөрүн билет. Бирок аны көрсөтпөйт. Ал эми өзүн өзү төмөн баалаган бала өзүн жөндөмсүз, татыксызмын деп эсептегендиктен түнт болот.

Бала тарбиялоодогу кайсы бир ыкмалар баланын өзүнө болгон ишенүүсүнө терс таасир тийгизиши мүмкүнбү?

Тарбиянын эски ыкмалары бар. Аларга физикалык жаза, атап айтканда кол көтөрүү, сын тагуу, башкалар менен салыштыруу, ашыкча талап коюу менен ашыкча үмүт артуу ж.б. кирет. Мунун баары баланын өзүн баалоосуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Өзүнө ишенбеген бала келечекте кандай көйгөйлөргө дуушар болушу мүмкүн?

Мындай балдар чоңойгондо адамдар менен жакшы, сапаттуу жана чыныгы мамиле түзүүдө кыйынчылыктарга тушугат. Жашоосунда тынчсыздануу көп болушу ыктымал. Башкалардын пикиринен көз каранды болуп, өзүн башкалар менен салыштыра берет. Чечим кабыл алууда кыйналышы мүмкүн. Депрессия же башка эмоционалдык көйгөйлөр мунун эң эле терс натыйжалары болуп саналат.

Балада ишенимди кайра калыбына келтирүү үчүн эмне кылса болот жана ал канча убакытты талап кылат?

Кичинекейрээк кезде балдардын мээси ийкемдүү болгондуктан, алар өзгөрүүлөрдү оңой кабыл алышат. Ишенимди калыбына келтирүү үчүн ата-эне үйдө коопсуз чөйрө түзүп, баланы колдоого алыш керек. Анын жеткен ийгилигине эле карабастан, аракети үчүн да мактоо зарыл. Жетүү оңой болгон максаттарды койгонго жардам берип, айыптабастан угуп, көңүл буруп, убакыт бөлүш керек. Бир күн кечке бала менен бир бөлмөдө чогуу болгонун көңүл буруу деп эсептеген ата-энелер бар. Балага көңүл буруу – бул саат менен эмес, сапат менен бааланышы керек. Баланын жашоосуна чын дилинен кызыгып, ички сезимдерин билүү зарыл. Мына ошондо гана экөөнүн ортосунда сапаттуу байланыш түзүлөт.

Ошондой эле өзүн баалоону калыбына келтирүү баланын жашы менен көйгөйдүн тереңдигине жараша бир нече айдан бир нече жылга чейин убакыт талап кылынат.