Бишкектеги №37 мектептин тарых мугалими Аида Азизовна Абдыкеримова “Кабар” агенттигине маек берип, каникулдан кийин балдарды кантип колдоо керектиги тууралуу айтып берди. Ал окууга болгон кызыгууну кантип сактап калууга жана класстагы достук мамилелерди жакшыртууга жардам бере турган кеңештер менен бөлүштү. Ошондой эле, ата-энелерге жаңы окуу жылы үй-бүлө үчүн чоң көйгөйгө айланбашы үчүн эмне кылуу керек экенин түшүндүрүп берди.
– Көпчүлүк ата-энелер “Каникулдан кийин балам үй тапшырмасын такыр аткаргысы келбей калды” деп айтышат. Бул нормалдуу реакциябы же тынчсызданууга себеппи?
- Бул кооптонууга негиз деп ойлойм. Себептери ар кандай болушу мүмкүн, рэкетчилик, мугалимдин окуучуга кыйкыруусу жана мектеп режимине ыңгайлашуусу. Анын себебин аныктап, иреттеп, бала менен сүйлөшүү зарыл.
- Бала менен мектеп тууралуу кантип туура сүйлөшүү керек?
- Баланын өздүгүнө, жеке чегине тийбей, мектептеги жашоосуна кызыгыңыз. Мектептеги эсте каларлык окуялар, достору жана чыгармачыл мугалимдер жөнүндө сураган туура.
- Башталгыч класстын окуучулары менен өспүрүмдөрдүн адаптациясында айырма барбы?
- Айырмасы бар, ал жаш өзгөчөлүктөргө байланыштуу. Башталгыч класстын окуучулары алгач мектепке ыңгайлашуусу керек. Аларда ыйлоо, жаңы чөйрөдөн, жаңы адамдардан коркуу, сабак учурунда ата-энесинен алыстоодон улам стресс пайда болот.
Ал эми өспүрүмдөр коллективде өз ордун издеп, физикалык күч аркылуу өзүн көрсөтүүгө аракет кылышат, өзүн аңдоодогу өзгөрүүлөргө, курдаштары менен болгон жаңы мамилелерге ыңгайлаша башташат, башкача айтканда, өзүнүн индивидуалдуу сапаттарын көрсөтө баштайт.
- Кээ бир балдар каникулдан кийин уялчаак болуп, классташтары менен кайра тил табышуу кыйынга турат. Аларга кантип колдоо көрсөтүү керек?
- Мугалим катары мен класстагы көптөгөн иш-чараларды, мисалы, класстык сааттарды оюн түрүндө өткөрүш керек деп эсептейм. Сабактарда интерактивдүү методдорду колдонуу керек, анда өз ара аракеттенүү көбүрөөк болот: мугалим + окуучу жана окуучу + окуучу. Окууну чакан топтордо уюштуруп, ар түрдүү ролдук оюндарды сунуштоо зарыл, ошондо окуучу каалаган ролдо өзүн көрсөтө алат жана өз тобунун көз карашын айтып чыга алат. Ар бир окуучунун жообу же сүйлөгөнү үчүн мактап, колдоо көрсөтүп туруу керек. Сөзүн бөлбөстөн угуу, жөнөкөй суроолорду берип, окуучу менен көбүрөөк баарлашуу абзел. Ушундайча, окуучунун өзүнүн “Мен” деген түшүнүгү, баарлашуу жөндөмү, теңтуштары менен тартынбай сүйлөшүү көндүмдөрү акырындык менен өнүгөт.

- Окуу жылынын башында ата-энелер өздөрү стресске кабылышат. Бул балага кандай таасир этет?
- Ата-эненин стресси сөзсүз түрдө балага таасир этет. Бул баланын тынчсыздануусуна, чыңалуусуна, өзүнө ишенбестикке, коркууга алып келип, окууга болгон кызыгуусунун төмөндөшүнө, бардык нерсеге кайдыгер мамиленин пайда болушуна себеп болот. Мындан тышкары, ашыкча тамактануу же тескерисинче, тамактан баш тартуу сыяктуу психосоматикалык көрүнүштөрдү жаратат.
Ата-эне өзүнүн стресстик абалы менен иштеши керек. Эгер өзү жеңе албаса, анда психологко же психотерапевтке кайрылганы туура. Болбосо, бала ата-энесине карата нааразычылык менен чоңоёт, өзүнө ишенбеген, дайыма күмөн санаган, жакындарына же алсыздарга жинин чыгарып, келечекте абьюзер болуп калышы мүмкүн. Баланын руханий ден соолугу ата-эненин стресстик абалынан жогору коюлушу керек. Балага болгон дени сак мамиле — бул көңүл буруу, сүйүү жана дагы бир жолу сүйүү.
Эгер бул өспүрүм бала болсо, ал психоактивдүү заттарды (алкоголь, тамеки, баңги заттар) колдонгон чөйрөгө кирип кетиши мүмкүн.
- Баланы алгачкы жумаларда эле кошумча ийримдерге, секцияларга берүү керекпи же күткөн жакшыбы?
- Менин оюмча, кошумча ийримдер жана секцияларды биринчи жумаларда токтото туруу керек. Анткени баланын организми жана психологиясы күнүмдүк режимдин кескин өзгөрүшүнө ыңгайлашуусу зарыл. Алгачкы жумалардагы окуу боюнча маселелер, көптөгөн өзгөрүүлөр, жаңылыктар менен коштолот, график өзгөрүп турат, андыктан шашпай туруу керек.
- Каникулдан кийин бала окууга болгон кызыгуусун жоготсо эмне кылуу керек?
- Мен мугалим катары биринчи кезекте окуучулардын билим алуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү керек деп эсептейм. Сабактарда инновациялык, интерактивдүү окутуу ыкмаларын колдонуу керек. Ачууга алдырбай, бир жумага жете турган кыска максаттарды койу, ийгиликтүү адамдарды мисал келтирүү, тең укукта сүйлөшүү, аларды ар кандай кырдаалдарды талкуулоого тартуу, тапшырмаларды берүү, иш-чараларга тартуу, окуучуда катылган жөндөмдөрдү ачып, колдоо көрсөт, өзүң үлгү бол, тажатма тарбиялык маектерге аралашпа.
- Ал эми негизги суроо - окуу жылынын башталышын кантип стресске эмес, кубанычтуу окуяга айландырса болот?
- Бул үчүн, төмөнкүлөр пайдалуу:
- Сабак дарядоону күн тартибине акырындык менен кошуу;
- Балдарга стресс жана чарчоону көрсөтпөө;
- Алар менен сүйлөшүп, колдоо көрсөтүү, үй тапшырмасын аткарууга жардам берүү;
- Ата-энелер позитивдүү маанайда болууга аракет кылуу.