Бишкек, 10.09.26. /Кабар/. 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөк пулунун кезектеги төлөмүнө 285 млн 588 миң 480 сом каржыланды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматтар базасы жаңыртылып, келип түшкөн арыздар иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 миң 229 алуучу түзүлдү.
"Бала ырысы" төрөлгөндөн тартып үч жашка чейинки балдарга берилет. Жөлөк пулдун базалык өлчөмү айына 1 200 сомду түзөт, айрым аймактарда төлөм райондук коэффициенттерди эске алуу менен эсептелет.
Министрлик жөлөк пул берүүдө санариптик жана уюштуруучулук процесстерди мындан ары да өркүндөтүү иштери улана турганын белгиледи.