Бала мектепке даярбы? Ата-энелер эмнелерди эске алышы керек? Психолог жооп берет

Интервью Загрузка... 16 Май 2025 17:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Мектепке баруу ар бир бала үчүн жаңы баскыч, жаңы жашоонун башталышы. Бул процессте ата-эне дагы балдар менен бирдей толкуп, бирдей түйшөлөт. Алгач ирет мектеп босогосун аттап жаткан, “оюн десе оюнга, күлкү десе күлкүгө тойбой турган” кичинекей баланын мектепке көнүп кетүүсү, жетишүүсү, окуп кетүүсү кандай болот, кайсы мектепке барат деген маселелер ата-энелерди ойлондурбай койбойт. Бул суроолорго жооп алуу иретинде бүгүн “Кабар” агенттиги психолог Жибек Кенжебаева менен маектешет.

– Баланын мектеп босогосун аттоого даяр экендигин кантип билсе болот?
Баланын мектепке даярдыгын физикалык, интеллектуалдык же когнитивдик, эмоционалдык жана социалдык даярдыгы деген негизги факторлорго карап билсе болот. Мисалы, социалдык даярдык дегенде - бул баланын өзүн алып жүрүүсү, башка балдар менен аралашуусу жана тил табышуусу.
Эмоционалдык деген - эмоцияларын башкара билүүсү. Ал канчалык сабырдуу? Күткөндү, ачуусун ооздуктаганды билет ж.б.
Физикалык жактан даярдыгы – бул өзүнүн денесин башкара алуусу. Бут кийиминин боосун байлаганды, сыдырмасын сыдырганды, кийинип-чечингенди билүүсү.
Бала үчүн мектеп жаңы жер, жаңы чөйрө. Ал ага канчалык бат көнөт? Кандай реакция кылат? Кандай адаптация болот? Мына ушул нерселердин баарына маани берилиши керек.

Дагы бир көңүл бура турган нерсе – баланын жаңы нерселерди үйрөнүүгө карата мотивациясы болушу зарыл. Мектеп ал үчүн жаңы нерсе болгондуктан, эгер кызыгуусу болсо анда маселе жаралбайт. Чоңдордун кийлигишүүсү жок тапшырма аткара алабы? Оюн жеткире алабы? Мына ушул нерселер бар болсо баланы мектепке бере берсе болот.

Адатта мектепти ата-энелер тандайт эмеспи? Бул тандоону баланын өзүнө берсе кандай болот? Анын тандоого кудурети жетеби?

Бул учурда баланын жашын эске алуу зарыл. Мисалы, 6-7 жаштагы бала өзү тандаса болот. Бирок ал өзүнүн перспективасына жараша “бул мектеп чоң экен, кооз экен” же “мында досторум окуйт” деген сыяктуу жүйө менен тандашы мүмкүн. Мунун канчалык аң-сезимдүү болору башка маселе болуп калат. Ошондуктан, мектеп тандоодогу жоопкерчиликти балага толук берүүнүн кажети жок. Негизи мектеп тандаганда ата-энелер көбүнчө мугалимдин квалификациясына, мектеп программасындагы артыкчылыктарга, өзгөчөлүктөргө, тилдердин окутулушуна карап тандайт эмеспи. Бирок, ошол эле маалда баланын оюн дагы эске алуу зарыл. Ал үчүн ата-эне баласын ээрчитип алып, 2-3 мектепти кыдырып, экскурсия кылып, мектептер жөнүндө балага айтып берсе болот. Мына ошондо ал жоопкерчиликти сезет. Тандоо процессине катышып жаткандыгын сезгендиктен окууга болгон мотивациясы да ойгонот.

Андан сырткары “кандай кружокторго катышууну каалайсың? Досуң менен чогуу окугуң келеби?”деген тандоо суроолорун берсе болот. Ал эми бул жердеги көңүл кош кароого болбой турган нерсе  - бала кайсы бир мектепке барууну каалабаса, мына ошого да көңүл буруп, анын оюн угуу өтө зарыл.

— Баласы мектепке бара турган ата-энелерге кандай кеңештерди бересиз?

– Биринчи  кеңешим – эң башкысы баланын режимине көңүл буруу өтө маанилүү. Ал убагында тамактанып, уктап, эс алып жаткан болсо, демек анын мектептеги жетишүүсү, кызыгуусу да жакшы болот. Башкача айтканда баланын режимин түзөбүз. Бирок, бардыгы өзүнүн жашына жараша болушу керек.

Баланы мектепке даярдап жатканда мектепти катаал тартиптеги бир жай катары сүрөттөп, “ал жерде “серьезный” болушуң керек, жүрүм-турумуң идеалдуу болуш керек” деп коркутпай, тескерисинче аны кызыктырган жакшы. Ошондо адаптациясы дагы жеңил болот.

“Ал жерден мурда билбеген, абдан кызыктуу, абдан сонун, жакшы нерселерди үйрөнөсүң” деген туура. “Кайсы бир нерселерди билип барышың керек эмес, билбеген үчүн үйрөнгөнү бара жатасың” дешибиз керек. Себеби, балдарын көбүнүн көйгөйү билбеген нерселеринен коркуу. Бул жерде баланын жаңы нерсени үйрөнүүгө болгон мотвациясын өөрчүтүү манилүү.

Андан сырткары адаптация бир топ убакытты талап кыларын эске алуу зарыл. Кээ бир балдар бир жумада көнсө, айрымдарына бир айдай убакыт талап кылынышы мүмкүн. Анткени, эгер бала бала бакчага барган болсо мектеп ага салыштырмалуу көбүрөөк отуруу зарыл болгон, оюндар азыраак жер. Мына ошондуктан андан идеалдуу жүрүм-турумду күтүүнүн кереги жок. Баланы түшүнүү, жанында болуу, ойлорун, сезимдерин угуп маани берүү менен эртерээк көндүрсө болот.

Дагы бир айта турган нерсе бизде баланы башка балага салыштыруу аркылуу шык берүү ыкмасы колдонулат. Бул таптакыр туура эмес. Себеби, ар бир баланын өнүгүү, жетишүү темпи ар башка. Мындан улам баланы бир гана угуу, түшүнүү жана колдоо зарыл.